Забур 43:1—5

  • Кудай сот катары куткарат

    • «Жарыгыңды чача көр, чындык сөзүңдү ачып бере көр» (3)

    • «Эмнеге заманам куурулуп жатат?» (5)

    • «Кудайды күтөм» (5)

43  Оо, Кудай, мага калыстык кыла көр,+Берилгендигин сактабаган элге каршы чыгып, сот ишинде мага болуш,+Мени калпычы, ыймансыз кишиден куткар.  2  Анткени сен менин Кудайымсың, чебимсиң.+ Эмнеге мени четке кагып койдуң? Эмнеге душманымдын кысымынан улам кайгырып жүрөм?+  3  Жарыгыңды чача көр, чындык сөзүңдү ачып бере көр,+Алар мага жол көрсөтсүн,+Ыйык тооңо, улуу чатырыңа алып барсын.+  4  Ошондо, Кудайым, курмандык жайыңа барам,+Мени чексиз кубанычка бөлөгөн Кудайым, сага барам. Оо, Кудай, менин Кудайым, сени арфа чертип даңазалайм.+  5  Эмнеге заманам куурулуп жатат? Эмнеге ичим уйгу-туйгу болуп жатат? Мен Кудайды күтөм,+Анткени мен аны Улуу Куткаруучум, Кудайым катары дагы да даңктайм.+

Шилтемелер