Забур 48:1—14
Корактын+ урпактарынын ыры.
48 Жахаба улуу, чексиз даңкка татыктуу,Аны өз шаарында, ыйык тоосунда даңктагыла.
2 Алыскы түндүктөгү Сион тоосу,Улуу Падышанын шаары+ —
Көз жоосун алган бийик шаар, жер жүзүнүн кубанычы.+
3 Анын чептүү мунараларындаКудай өзүнүн коопсуз баш маана* экенин көрсөттү.+
4 Анткени падышалар чогулушту,Шаарга сокку уруш үчүн алдыны көздөй жөнөштү.
5 Бирок шаарды көргөндө аң-таң болушту,Дүрбөлөңгө түшүп, артка качышты.
6 Ал жактан аларды калтырак басты,Төрөп жаткан аялдай кыйналышты.
7 Оо, Кудай, сен Таршыш кемелерин чыгыш шамалы менен кыйратасың.
8 Биз эмнени уксак, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын шаарынан,Кудайыбыздын шаарынан, ошону көрдүк.
Оо, Кудай, сен ал шаарды түбөлүккө бекемдейсиң.+ (Села)
9 Оо, Кудай, биз ибадатканаңдын ичиндеТуруктуу сүйүүң жөнүндө ой жүгүртөбүз.+
10 Оо, Кудай, ысмың сыяктуу эле, даңкың даЖердин учу-кыйырына чейин жар салынат.+
Сен күчүңдү дайыма адил иштерге колдоносуң.+
11 Өкүмдөрүңдөн улам Сион тоосу+ шаттансын,Жүйүттүн шаарлары* кубансын.+
12 Сионду айланып, аны тегеренип чыккыла,Мунараларын санап чыккыла.+
13 Келерки муунга айтып бериш үчүнКөңүлүңөрдү анын коргон дөбөлөрүнө* бургула,+Чептүү мунараларын карап чыккыла.
14 Анткени ушунун баарын кылган Кудай — кылымдан кылымга биздин Кудай.+
Ал бизди түбөлүккө* жетектеп жүрөт.+
Шилтемелер
^ Же: «чеп».
^ Сөзмө-сөз: «кыздары».
^ Же: «дубалдарына».
^ Же балким: «өмүрүбүздүн акырына чейин».