Забур 5:1—12

  • Жахаба — адилдердин баш маанасы

    • Кудай ыймансыздыкты жек көрөт (4, 5)

    • «Мени адил жолуңда жетекте» (8)

Жетекчиге. Нехилот*. Дөөтүнүн ыры. 5  Оо, Жахаба, тилегимди уга көр,+Үшкүрүгүмө көңүл бура көр.  2  Оо, Падышам, Кудайым, жардам сурап зарлаганыма кулак төшөй көр,Анткени сенден тиленип жатам.  3  Оо, Жахаба, үнүмдү таң заардан угасың,+Таң эртеден сага санаамды айтып,+ жообуңду күтөм.  4  Себеби сен ыймансыздыкты жек көргөн Кудайсың,+Бир да кара ниет жаныңа жолой албайт.+  5  Бой көтөргөндөрдүн бири да көз алдыңда турбайт,Сен ыймансыздык кылгандардын баарын жек көрөсүң,+  6  Калп айткандарды жок кыласың.+ Жахаба, сен зөөкүр*, митаам кишилерден жийиркенесиң.+  7  Сен мени улуу сүйүүңө*+ бөлөгөндүктөн, үйүңө кирем,+Ыйык ибадатканаңды* карап, сени кастарлап таазим кылам.+  8  Оо, Жахаба, мени адил жолуңда жетектеп, душмандарыман коргой көр,Жолуңда тоскоолдуксуз жүрө алгандай болоюн.+  9  Алардын бир да сөзүнө ишенип болбойт,Жүрөктөрү жамандыкка толгон. Алардын оозу ачык мүрзөдөй,Алар кошоматтанып сүйлөшөт*.+ 10  Бирок Кудай аларды айыптуу деп табат.+ Алар ойлоп тапкан айла-амалдарынын кесепетинен ойрон болот. Кудайым, аларды кууп жибер, анткени кылмыштары көп,Алар сага каршы чыгышты. 11  Сени баш маана кылгандардын баары кубанышат,+Дайыма шаттанып үн салышат. Сен аларды коргоп, ыймансыздарды жолотпойсуң. Ысмыңды жакшы көргөндөр кубанышат. 12  Себеби сен ар бир адил адамга батаңды бересиң, оо, Жахаба,Аларды ырайымың менен чоң калкан сымал коргойсуң.+

Шилтемелер

Же: «кан төккөн».
Же: «улуу туруктуу сүйүүңө». Сөздүктү кара.
Же: «Ыйык жайыңды».
Же: «бал тилге салышат».