Забур 52:1—9

  • Кудайдын туруктуу сүйүүсүнө таянуу

    • Кыянат иштерине мактангандарга эскертүү (1—5)

    • Ыймансыздар байлыкка таянышат (7)

Жетекчиге. Маскил. Дөөтүнүн ыры. Эдомдук Доек Шабулга барып, Дөөтүнүн Акимелекке+ келип кеткенин айткандан кийин жазылган. 52  Кыянат иштериңе эмнеге мактанасың, зулум*?+ Кудай туруктуу сүйүүсүн күнүгө көрсөтөрүн билбейсиңби?+  2  Тилиң устарадай курч,+Кыянаттык кылууну ойлонуштурасың, калп сүйлөйсүң.+  3  Жакшылыкка караганда жамандыкты,Чындыкка караганда жалган айтканды жакшы көрөсүң. (Села)  4  Тили жалган сүйлөгөн киши,Сен адамды ойрон кыла турган сөздөрдү жакшы көрөсүң,  5  Ошон үчүн Кудай сени түбөлүккө кулатат,+Кармап туруп, чатырыңдан сүйрөп чыгат,+Тирүүлөр жашаган жерден тукум курут кылат.+ (Села)  6  Адил адамдар муну көрүп, кастарлоо сезимине чулганат,+Алар сени шылдыңдап:+  7  «Бул деген Кудайды баш маанасындай* көргөн эмес,+Ашып-ташыган байлыгына ишенген,+Өзүнүн кыянат ойлоруна таянган»,— дешет.  8  Мен болсо Кудайдын үйүндөгү бакыйган зайтун дарагындай болом,Кудайдын туруктуу сүйүүсүнө түбөлүктөн түбөлүккө таянам.+  9  Оо, Кудай, кылган иштериң үчүн сени түбөлүк даңктайм,+Берилген кызматчыларыңдын алдында ысмыңа үмүт артам,+Анткени сенин ысмың керемет*.

Шилтемелер

Же: «күчтүү киши».
Же: «чебиндей».
Же: «Анткени ошенткеним жакшы».