Забур 53:1—6

  • Акылсыз адам

    • «Жахаба жок»,— дейт (1)

    • «Жакшылык кылган эч ким жок» (3)

Жетекчиге. Махалат*. Маскил. Дөөтүнүн ыры. 53  Акылсыз адам ичинен: «Жахаба жок»,— дейт.+ Андай адамдар ыймансыздыкка жаткан иштерди, бузуку, жийиркеничтүү иштерди кылышат. Жакшылык кылган бир да киши жок.+  2  Бирок арасында Кудайды издеген, түшүнүгү бар бирөө бар бекен деп,+Жахаба адам баласына асмандан көз салып турат.+  3  Алардын баары жолдон адашкан,Баары бирдей бузулган. Жакшылык кылган эч ким жок,Бир да киши жок.+  4  Эмне, күнөөкөрлөрдүн бири да эч нерсе түшүнбөйбү? Алар элимди нан жегендей эле жеп-жутуп жатышат. Алар Жахабадан тиленишпейт.+  5  Бирок аларды чоң коркунуч,Мурун эч качан сезип көрбөгөн коркунуч басат*. Анткени Кудай сага кол салгандардын сөөктөрүн чачат. Сен баарын уяткарасың, анткени аларды Жахаба четке какты.  6  Ысрайылга Сиондон+ куткарылуу келсе кана! Жахаба туткунда жүргөн элин кайтарып келгенде,Жакыптын урпактары сүйүнсүн, Ысрайылдын урпактары кубансын!

Шилтемелер

Же балким: «Мурун эч коркпогон жерден коркушат».