Забур 57:1—11

  • Кудайдан ырайым кылышын сурануу

    • Кудайдын канатына корголоо (1)

    • Душмандар жайган торуна өздөрү түшүштү (6)

Жетекчиге. «Жок кыла көрбө» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. Миктам. Шабулдан качып, үңкүрдө жашынып жүргөн убакта жазылган.+ 57  Ырайым кыл мага, оо, Кудайым, ырайым кыла көр. Анткени сени баш маана кылдым.+ Кыйынчылыктар артта калгыча канатыңа корголойм.+  2  Мени алардан арылта турган чыныгы Кудайга,Эң Жогорку Кудайга, кайрылам.  3  Ал асмандан жардам берип, мени куткарат,+Мага тишин салгандын оюн таш каптырат. (Села) Өзүнүн туруктуу сүйүүсүн, ишенимдүүлүгүн көрсөтөт.+  4  Мен арстандардын курчоосунда калдым.+ Мени жеп-жуткусу келгендердин арасында жатам. Алардын тиштери жебе менен найзадай,Тилдери курч кылычтай.+  5  Оо, Кудай, улуулугуң асмандан да жогоруласын,Даңкың бүт жер жүзүнө тарасын.+  6  Душмандарым бутума тор жайышты,+Кыйналганымдан бүк түштүм.+ Жолума ор казышты,Бирок ага өздөрү түштү.+ (Села)  7  Оо, Кудай, мен бүт жүрөгүм менен сага берилгем,+Бүт жүрөгүм менен берилгем. Сени даңктап ырдайм, күү аспап чертем.  8  Ойгон, жан дүйнөм*,Ойгон, кыл аспап, ойгон, арфа, сен дагы. Мен ойготом ак таңды.+  9  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм,+Элдердин арасында даңктап ырдайм*.+ 10  Анткени туруктуу сүйүүң улуу, асманга жетет,+Берилгендигиң көккө чейин жетет. 11  Оо, Кудай, улуулугуң асмандан да жогоруласын,Даңкың бүт жер жүзүнө тарасын.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «даңкым».
Же: «күү чертем».