Забур 58:1—11

  • Жерди соттой турган Кудай бар

    • Кудайдан ыймансыздарды жазалашын сурануу (6—8)

Жетекчиге. «Жок кыла көрбө» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. Миктам. 58  Оо, адамдар, адилдик жөнүндө айтыш керек болгон учурда кантип унчукпай отурасыңар?+ Ушинтип жатсаңар, кантип адилеттүү сот жүргүзөсүңөр?+  2  Силер жамандык кылууну ойлоносуңар,+Жериңерде зордук-зомбулукту жайылтып жатасыңар!+  3  Ыймансыздар төрөлгөнүнөн тартып эле түз жолдон адашкан*,Төрөлгөнүнөн эле тилазар, калпычы.  4  Алардын уусу жыландын уусундай.+ Алар кулагын жаап алган чекир жыландай* дүлөй.  5  Арбаганы канчалык күчтүү болбосун,Ал арбоочулардын үнүн укпайт.  6  Оо, Кудай, алардын тиштерин талкала! Оо, Жахаба, ал арстандардын* жаагын сындыр!  7  Алар агып кеткен суудай жок болушсун. Кудай жаасын тартып, жебелери менен аларды сулатсын.  8  Алар жылып баратып кургап калган үлүлдөй болуп калсын. Күндүн жарыгын эч качан көрбөгөн, бойдон түшүп калган түйүлдүктөй болсун.  9  Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табына кызыганча эле,Кудай тикенектин ным сабактарын да, күйүп жатканын да катуу шамал менен учуруп кетет.+ 10  Адил адам Кудайдын өч алып жатканын көрүп кубанат,+Анын буту ыймансыздардын канына чыланат.+ 11  Ошондо адамдар: «Чынында эле, адил адамга сыйлык берилет экен,+Чынында эле, жерди соттой турган Кудай бар экен»,— деп айтат.+

Шилтемелер

Же: «бузулган».
Кобра.
Же: «жалы бар жаш арстандардын».