Забур 59:1—17
Жетекчиге. «Жок кыла көрбө» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. Миктам. Шабул аны өлтүрүш үчүн кишилерин жиберип, үйүн кайтарткан учурда жазылган.+
59 Оо, Кудайым, мени душмандарыман куткар,+Мага каршы чыккандардан корго.+
2 Кыянаттык кылгандардан куткар,Зөөкүрлөрдөн* сакта.
3 Алар мени аңдып жүрүшөт;+Оо, Жахаба, эч кандай кылмыш, эч кандай күнөө кылбасам да,+Күчтүүлөр мага кол салып жатышат.
4 Айыбым жок болсо да, кол салганга шашып даярданып жатышат.
Жалбарганымда, ордуңан туруп жардам бер, кылып жаткандарына көңүл бур.
5 Анткени сен, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, ысрайыл элинин Кудайысың.+
Туруп, бардык элдердин эмне кылып жатканына назарыңды сал.
Кара ниет чыккынчылардын бирине да ырайым кылба.+ (Села)
6 Алар күн сайын кечинде келишет,+Иттердей ырылдап*,+ шаарды айланып шимшип жүрүшөт.+
7 Ооздорунан жаман сөздөр оргуштап чыгып жатканын карачы;Алардын тили кылычтай.+
Алар: «Муну ким угуп жатат дейсиң?» — дешет.+
8 Бирок сен, Жахаба, аларга күлөсүң,+Бардык элдерди шылдыңдайсың.+
9 Оо, менин Күч-кубатым, сени күтө берем;+Анткени сен, оо, Кудай, менин коопсуз чебимсиң*.+
10 Мени дайыма сүйүүсүнө бөлөгөн Кудай жардамга келет,+Ал мага душмандарымдын кулаганын көрсөтөт.+
11 Элим унутуп калбашы үчүн, душмандарымды шак эле өлтүрүп салба.
Кудуретиңди көрсөтүп, тентитип жибер,Оо, Жахаба, калканыбыз, аларды кулат.+
12 Тили менен күнөөгө батканы үчүн, оозунан чыккан сөздөрү үчүн,Башкаларды каргаганы, калп айтканы үчүнТекебердиги өздөрүнө тузак болсун.+
13 Каарың менен аларды тыптыйпыл кыл,+Тыптыйпыл кыл, жок болушсун,Кудайдын Жакыптын урпактарына, жердин учу-кыйырына чейин бийлик жүргүзүп жатканын билишсин.+ (Села)
14 Алар күн сайын кечинде келсе келе беришсин,Иттердей ырылдап*, шаарды айланып шимшип жүрө беришсин.+
15 Тамак издеп каңгып калышсын,+Курсактары тойбосун, түнөгөнгө жай табышпасын.
16 Мен болсо күч-кубатыңды даңазалап ырдайм,+Эртең менен кубана туруктуу сүйүүң жөнүндө айтам.
Анткени сен менин коопсуз баш маанамсың,+Кыйналганда баш калкалаар жайымсың.+
17 Оо, менин Күч-кубатым, сени даңктап ырдайм*.+
Анткени сен, оо, Кудай, менин коопсуз чебимсиң, мени дайыма сүйүүңө бөлөгөн Кудайсың.+
Шилтемелер
^ Же: «Канкорлордон».
^ Же: «үрүп».
^ Же: «баш калкалаар жайымсың».
^ Же: «үрүп».
^ Же: «күү чертем».