Забур 60:1—12
Жетекчиге. «Эске салуу лилиясы» деген обондун коштоосунда ырдалат. Миктам. Дөөтүнүн ыры. Окутуу үчүн. Ал Арам-Нагарайымдын, Арам-Собанын эли менен салгылашып жатканда, Жоап кайтып келип, Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 12 000 кишисин кырган убакта жазылган.+
60 Оо, Кудай, сен бизди четке кагып койдуң, катарыбызды бузуп-талкаладың,+Бизге каарың кайнады. Эми ырайым кылып, бизди кайра кабыл ал!
2 Сен жерди солкулдаттың, жарака кетирдиң.
Эми ошол жаракаларын бүтөй көр, болбосо кулаганы турат.
3 Элиңди кыйынчылыкка туш кылдың.
Бизге шарап ичирип, теңселттиң.+
4 Жаадан буйтап качышы үчүн,Өзүңөн корккондорго белги бер*. (Села)
5 Сүйүктүүлөрүң аман калышы үчүн,Бизди оң колуң менен куткар, тилегибизди кабыл кыла көр.+
6 Ыйык* Кудай мындай деди:
«Мен шаттанам, Шекемди элиме үлүшкө берем,+Сукот өрөөнүн өлчөп, бөлүп берем.+
7 Гилат да, Менаше да меники,+Эпрайым — башымдагы туулга*,Жүйүт — падыша таягым.+
8 Маап — чылапчыным.+
Эдомго болсо сандалымды ыргытам.+
Пелиштини жеңип, шаттанып кыйкырам».+
9 Курчоого алынган* шаарга мени ким алып барат?
Эдомго ким жетектеп барат?+
10 Сен эмеспи, бизди таштап койгон Кудайыбыз,Аскерлерибиз менен салгылашка чыкпай калган Кудайыбыз?!+
11 Кыйын кезеңде бизге жардам бер,Анткени пенде куткара албайт.+
12 Кудай бизге күч берет,+Душмандарыбызды тебелейт.+
Шилтемелер
^ Же балким: «бердиң».
^ Же балким: «Ыйык жайында».
^ Сөзмө-сөз: «башым үчүн чеп».
^ Же балким: «Чептүү».