Забур 66:1—20

  • Кудайдын кастарлоо сезимин туудурган иштери

    • «Кудайдын кандай иштерди кылганын көргүлө!» (5)

    • «Сага берген анттарымды аткарам» (13)

    • Кудай тиленген адамды угат (18—20)

Жетекчиге. Ыр. 66  Бүт жер жүзү, шаттана кыйкырып, Кудайды даңазала.+  2  Анын улуу ысмын даңктап ырдагыла*,Аны алкап-мактагыла.+  3  Кудайга мындай дегиле: «Иштериң кастарлоо сезимин туудурат!+ Зор күч-кубатыңан улам душмандарың сенин алдыңда бүжүрөшөт.+  4  Бүт жер жүзү сага таазим кылат,+Сени даңазалап ырдайт,Ысмыңды даңктап ырдайт».+ (Села)  5  Келгиле, Кудайдын кандай иштерди кылганын көргүлө! Анын адам баласы үчүн кылгандары кастарлоо сезимине чулгайт.+  6  Ал деңизди кургактыкка айланткан,+Эл дарыяны кечип өткөн;+Ошол жерде анын иштерине кубанганбыз.+  7  Ал кудурети менен түбөлүк башкарып келет,+Элдерден көзүн албайт.+ Ошон үчүн өжөрлөр кыйынсынбасын.+ (Села)  8  Оо, элдер, Кудайыбызды алкагыла,+Аны даңктаган үндөр угулсун.  9  Ал жаныбызды сактап келет,+Кыйрашыбызга* жол бербейт.+ 10  Оо, Кудай, сен бизди сынап-текшердиң,+Күмүштү тазалагандай тазаладың, 11  Аңчынын торуна түшүрдүң,Жонубузга оор жүк арттың. 12  Ажалдуу адамдын бизди тебелеп өтүшүнө жол бердиң,Биз отко-сууга салындык. Анан бизди коопсуз жерге алып келдиң. 13  Ибадатканаңа бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды алып келем,+Сага берген анттарымды аткарам.+ 14  Ал анттарымды өзүм бергем,+Башыма кыйынчылык түшкөндө бергем. 15  Бордолгон малдан сага өрттөлө турган курмандык чалам,Кочкорлорду да курмандыкка чалып, түтүнүн түтөтөм,Букалар менен текелерди тартуу кылам. (Села) 16  Кудайдан корккондордун баары, келгиле, уккула,Анын мен үчүн эмне кылганын айтып берем.+ 17  Аны жардамга чакыргам,Даңктап-даңазалагам. 18  Эгер жүрөгүмдө кыянаттык уялаган болсо,Жахаба үнүмдү укпайт болчу.+ 19  Бирок ал үнүмдү укту,+Тиленүүмө көңүл бурду.+ 20  Тилегимди жоопсуз калтырбаган,Мени туруктуу сүйүүсүнөн өксүтпөгөн Кудай даңкталсын!

Шилтемелер

Же: «күү аспап черткиле».
Же: «Теңселишибизге».