Забур 69:1—36

  • Кудайдан куткарышын сурап тиленүү

    • «Үйүңдү жакшы көргөндүктөн ичим өрт болду» (9)

    • «Мага дароо жооп бер» (17)

    • «Суусаганымда, кычкыл шарап сунушту» (21)

Жетекчиге. «Лилиялар» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. 69  Оо, Кудай, мени сактай көр, суулар көтөрүлүп, чөккөнү калдым.+  2  Терең сазга батып, бутумду коёрго жер таппай жатам.+ Терең сууга түшүп кеттим,Шар агымы мени агызып кетти.+  3  Жардамга чакыра берип чарчадым,+Тамагым кургап, үнүм бүтүп калды. Кудайымды күтө берип көзүм талыды.+  4  Мени себепсиз эле жек көргөндөр+ чачтан көп. Көзүмдү тазалагысы келгендер,Митаам душмандарым* көбөйдү. Уурдабаган нерсемди бергенге мажбурлашты.  5  Оо, Кудай, сен менин акылсыздыгымды билесиң,Айыбым сенден жашыруун эмес.  6  Оо, Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Сенден үмүттөнгөндөр менин айыман уят болушпаса экен. Ысрайылдын Кудайы,Сени издегендер менин айыман басынтылышпаса экен.  7  Сен үчүн акарат сөздөргө чыдап жатам,+Басынтылып бүттүм.+  8  Бир туугандарыма жат кишидей,Энемдин балдарына бөтөн жерликтей болуп калдым.+  9  Сенин үйүңдү жакшы көргөндүктөн* ичим өрт болду,+Сага акарат кылгандардын акарат сөздөрү мага тийди.+ 10  Өзүмдү пас кылып, орозо кармаганым* үчүнАкарат сөздөрдү уктум. 11  Кийим ордуна таар жамынганымда,Мени мазакташты. 12  Шаар дарбазасынын алдында отургандар мени кеп кылып жатышат,Аракечтердин ырына айландым. 13  Бирок мен, оо, Жахаба, сенден тиленем,Мага ырайым кыла турган убакта үнүмдү уга көр.+ Оо, Кудайым, улуу сүйүүңдөн* улам жооп берип,Чыныгы Куткаруучу экениңди көрсөтө көр.+ 14  Мени саздан чыгара көр,Саз соруп кетишине жол бербе. Мени жек көргөндөрдөн,Терең суулардан куткара көр.+ 15  Суунун шар агымы агызып кетпесин,+Терең жери жутуп албасын,Кудуктун* оозу үстүмөн жабылып калбасын.+ 16  Мага жооп бере көр, оо, Жахаба, анткени туруктуу сүйүүң күчтүү.+ Улуу кайрымдуулугуңдан улам назарыңды сала көр.+ 17  Кызматчыңан жүзүңдү буруп, жашырба.+ Мага дароо жооп бер, себеби оор абалдамын.+ 18  Келип, мени куткар,Душмандарыман арылт*. 19  Сен шылдың болгонумду, уятка калганымды, кемсинтилгенимди билесиң.+ Мага кас болгондордун баарын көрүп турасың. 20  Акарат сөздөр жүрөгүмдү жаралады, жараатым айыккыс болду*. Бирөө жарым боор ооруйбу деп үмүттөндүм, бирок андай эч ким болгон жок.+ Соорото тургандар болобу деп күттүм, бирок эч ким чыккан жок.+ 21  Мага тамак ордуна уу* беришти,+Суусаганымда, кычкыл шарап сунушту.+ 22  Аларга өздөрүнүн дасторкону* кылтак болсун,Молчулугу тузак болсун.+ 23  Көздөрү тунарып, көрбөй калсын,Буттарын калтырак бассын. 24  Аларга жаалыңды чач,Кайнаган каарыңа калышсын.+ 25  Алардын конушу* ээн калсын,Чатырларында эч ким жашабасын.+ 26  Анткени алар сен сокку ургандын артынан сая түшүп,Сен жаралагандардын азабын кеп кылып жатышат. 27  Алардын айыбына айып кош,Сенин алдыңда адил деп эсептелбесин. 28  Ысымдары тирүүлөрдүн китебинен* өчүрүлсүн,+Адил адамдардын ысмы менен бирге жазылбасын.+ 29  Жаным кыйналып, азап чегип жатам.+ Оо, Кудайым, мени куткар, корго. 30  Кудайдын ысмын даңктап ырдайм,Ыраазычылык билдирип, аны даңазалайм. 31  Жахабага курмандыкка чалынган букадан көрө мына ушул көбүрөөк жагат,Мүйүздүү, ача туяктуу букачарга караганда көбүрөөк жагат.+ 32  Кудайдын жакшылык кылганын көрүп мүнөзү жумшактар кубанат. Кудайды издегендер, жүрөгүңөр жандансын. 33  Себеби Жахаба жакырларды угат,+Туткундалган элин четке какпайт.+ 34  Асман менен жер аны даңктасын,+Деңиз менен андагылардын баары алкасын. 35  Анткени Кудай Сионду куткарат,+Жүйүттүн шаарларын кайра курат. Эли ошол жерде жашап, ошол жерге ээлик кылат. 36  Кудайдын кызматчыларынын урпактары ал жерди мурастайт,+Анын ысмын жакшы көргөндөр+ ошол жерде жашайт.

Шилтемелер

Же: «Жөндөн жөн эле мага душман болгондор».
Сөзмө-сөз: «үйүңө болгон кызганычтан улам».
Же балким: «Ыйлап, орозо тутканым».
Же: «улуу туруктуу сүйүүңдөн». Сөздүктү кара.
Же: «Чуңкурдун».
Сөзмө-сөз: «кун төлөп сатып ал».
Же: «мөгдүрөп калдым».
Же: «уулуу чөп».
Сөзмө-сөз: «үстөлү».
Же: «дубал менен курчалган жайлары».
Же: «өмүр китебинен».