Забур 7:1—17
-
Жахаба — адил Сот
-
«Оо, Жахаба... мени... сотто» (8)
-
Бенжемин уруусунан чыккан Куштун сөздөрүнөн улам Дөөтүнүн Жахабага зарлап ырдаган ыры.
7 Оо, Жахаба Кудайым, сен менин баш маанамсың,+Мени куугунтуктагандардын баарынан сактап, куткара көр.+
2 Болбосо алар мени арстандай эле жара тартышат,+Кармап кетишет, мени куткарып калар эч ким болбойт.
3 Оо, Жахаба Кудайым, эгер туура эмес иш кылсам,Адилетсиздик кылган болсом,
4 Эгер мага жакшылык кылганга жамандык кылган болсом,+Себепсиз эле душманымды талап-тоногон болсом*,
5 Анда душманым артымдан кууп жетсин,Мени* тебелеп, жерге таптап салсын,Сөөгүм жер үстүндө калып, маскара болоюн. (Села)
6 Оо, Жахаба, каардана ордуңан тур,Жаалданган душмандарыма каршы чык,+Мен үчүн ойгон, акыйкаттыкты талап кыл.+
7 Айланаңа элдер чогулсун,Сен жогорудан аларга каршы чыгасың.
8 Оо, Жахаба, сен элдерге өкүм чыгарасың.+
Оо, Жахаба, мени адилдигиме жараша,Кынтыксыздыгыма жараша сотто.+
9 Ыймансыздардын кыянаттыгын токтото көр,Адил адамды болсо бекем тургуз,+Анткени сен адамдын тереңинде жаткан ойлору менен сезимдерин*+ сынаган адил Кудайсың.+
10 Кудай — менин калканым,+ жүрөгү тазалардын Куткаруучусу.+
11 Кудай — адил Сот,+Ал ыймансыздарга күнүгө өкүм чыгарат.
12 Кимде ким өкүнбөсө,+ Кудай кылычын курчутат,+Жаасын ийип, атканга камданат.+
13 Өлүм куралдарын даярдайт,Оттуу жебелерин камдайт.+
14 Боюнда кыянаттык бар адамды карачы,Ал курсагында жамандык көтөрүп жүрүп, жалгандык төрөйт.+
15 Андай киши бирөөгө терең ор казат,Бирок казган оруна өзү түшөт.+
16 Анын жамандыгы өз башына түшөт,+Зордук-зомбулугу өз төбөсүнө түшөт.
17 Мен болсо Жахабаны адилдиги үчүн даңктайм,+Эң Жогорку Кудайдын ысмын,+ Жахабаны,+ даңазалап ырдайм.
Шилтемелер
^ Же балким: «Себепсиз эле мага каршы чыккандын жанын аман алып калган болсом».
^ Сөзмө-сөз: «Өмүрүмдү».
^ Сөзмө-сөз: «жүрөктөр менен бөйрөктөрдү».