Забур 70:1—5
-
Жардам бергенге шашылышын сурануу
-
«Мага жардамга шашыл» (5)
-
Жетекчиге. Дөөтүнүн эскертип туруш үчүн жазган ыры.
70 Оо, Кудай, мени куткара көр,Оо, Жахаба, мага жардам бергенге шашыла көр.+
2 Жанымды алгысы келгендерМаскара болушсун, уятка калышсын.
Кырсыкка кабылганыма сүйүнгөндөр артка чегинип, басынтылышсын.
3 «Сооп болуптур! Ушуну көрмөк!» — деп табалагандар уят болуп, артка качышсын.
4 Ал эми сага кызмат кылгандарСени ойлоп кубанып-шаттанышсын.+
Сенин кантип куткарганыңды көрүп суктангандар:
«Кудай даңазалансын!» — деп тынбай жар салышсын.
5 Мен болсо бир байкушмун, жакырмын.+
Оо, Кудай, мага жардамга шашыл.+
Сен менин жардамчымсың, куткаруучумсуң.+
Оо, Жахаба, жардамга кечикпей келе көр.+