Забур 72:1—20
Сулайман жөнүндө.
72 Оо, Кудай, падышага адилдигиңе жараша сот жүргүзгөндү үйрөт,Падышага* адилдигиңди үйрөтө көр.+
2 Ал элиңдин ишин адилдик менен териштирсин,Бей-бечаралардын ишин калыс карасын.+
3 Тоолор элге тынчтык алып келсин,Адырлар адилдик алып келсин.
4 Падыша эл арасындагы бей-бечараларды коргосун,Жакырдын уулдарын куткарсын,Митаамды болсо курутсун.+
5 Күн менен ай бар болуп турганда,Элиң муундан муунга сенден коркот.+
6 Падыша чабыктан кийинки талаага жааган жаандай,Жерди сугарган нөшөрдөй болот.+
7 Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт,+Ай түбөлүккө тургандай, тынчтык да түбөлүккө мол болот.+
8 Падыша деңизден деңизге чейин,Дарыядан* жердин учу-кыйырына чейин жашаган элди башкарат.+
9 Чөлдүү аймактардын тургундары ага таазим кылышат,Душмандары болсо жеңилишет*.+
10 Таршыш менен аралдардын падышалары ага салык төлөшөт.+
Шеба менен Себанын падышалары белек беришет.+
11 Бардык падышалар анын бут алдына жыгылышат,Бардык элдер ага кызмат кылышат.
12 Себеби ал жардам сурап жалбарган жакырды,Бечара менен жардамчысы жоктордун баарын куткарат.
13 Бечара менен жакырды аяйт,Кембагалдардын жанын сактайт.
14 Аларды кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат,Алардын каны анын көз алдында кымбат болот.
15 Ал узак жашасын, ага Шебанын+ алтыны берилсин,Ал үчүн ар дайым Кудайдан тиленишсин.
Күнү бою ага алкыш айтышсын.
16 Жер бетинде дан мол болот,+Тоолордун чокусу эгинге толот.
Падышанын жери берген түшүм Лебанон* токоюндагыдай мол болот,+Шаарлардын тургундары жер бетиндеги чөптөй көбөйөт.+
17 Анын ысмы түбөлүккө унутулбасын,+Күндөй болуп түбөлүккө өчпөсүн.
Ал аркылуу элдер бата алсын,+Бардык элдер аны бактылуу деп атасын.
18 Жахаба Кудай, Ысрайылдын Кудайы, даңкталсын,+Себеби ажайып иштерди жалгыз гана ал жасайт.+
19 Анын даңктуу ысмы түбөлүккө даңазалана берсин,+Жер жүзү анын даңкына толсун.+
Оомийн, оомийн.
20 Ушуну менен Жышайдын+ уулу Дөөтүнүн тиленүүлөрү бүттү.