Забур 74:1—23

  • Кудайдан өз элин эстешин тиленүү

    • Кудайдын куткарганын эстөө (12—17)

    • «Душмандын шылдыңын... эстей көр» (18)

Маскил*. Асаптын+ ыры. 74  Оо, Кудай, эмнеге бизди түбөлүккө четке кактың?+ Эмнеге жайытыңдагы оторуңа каарың кайнап жатат?+  2  Байыркы убакта эле тандап алган элиңди,+Мурасың катары куткарып алган калкыңды,+Өзүң жашап келген Сион тоосун эстей көр.+  3  Толугу менен талкаланып жаткан жерге назарыңды сал.+ Душман ыйык жериңдегинин баарын кыйратып, талап-тоноп кетти.+  4  Сага сыйынган жайда душмандарыңдын жеңиш урааны угулуп жатат.+ Алар ошол жакка белги катары өз тууларын орнотуп алышкан.  5  Алар жыш токойду балта менен кыйган кишидей эле болушту.  6  Ыйык жайыңдагы оймо-чиймелерди+ балта менен, учтуу сом темир менен бирин калтырбай кыйратышты.  7  Ыйык жайыңды өрттөп жиберишти,+Ысмың менен аталган ыйык чатырды кулатып, арамдашты.  8  Алар өздөрү да, тукумдары да ичинен: «Кудайдын бул жердеги сыйынуу жайларынын баарын өрттөйбүз»,— дешти.  9  Биз эч кандай белгилерди көрбөй калдык;Пайгамбар да калган жок. Мунун канчага созуларын арабыздан эч ким билбейт. 10  Оо, Кудай, кас тарап качанкыга чейин шылдыңдай берет?+ Душман ысмыңа түбөлүккө тил тийгизе береби?+ 11  Эмнеге оң колуңду чыгарбай жатасың?+ Колуңду койнуңан чыгарып, аларды жок кыл. 12  Кудайым, сен байыртан берки Падышамсың,Кызматчыларыңды сактап каласың.+ 13  Деңизди күч-кубатың менен толкуткансың,+Суулардагы алп жаныбарлардын башын жанчыгансың. 14  Лебиатандын* башын* жанчыгансың,Аны чөлдүү аймактарда жашаган адамдарга азык кылып бергенсиң. 15  Сен булактарга, дарыяларга жол ачкансың,+Соолубас дарыяларды какшыткансың.+ 16  Күн да, түн да сага таандык,Жарык менен күндү сен жараткансың.+ 17  Жердин бардык чектерин белгилегенсиң,+Жай менен кышты жараткансың.+ 18  Оо, Жахаба, душмандын шылдыңын,Акылсыз элдин ысмыңа тил тийгизгенин эстей көр.+ 19  Бактегиңди жырткычтарга салып бербе,Бечара элиңди биротоло унутпа. 20  Биз менен түзгөн келишимиңди эсте,Анткени жердеги караңгы бурчтар зөөкүрлөрдүн уюгуна айланды. 21  Мүңкүрөп калган адамдын көңүлү кайт болбосун,+Бей-бечара менен жакыр сенин ысмыңды даңктасын.+ 22  Ордуңан тур, оо, Кудай, сотто өзүңдү корго. Акылсыздын сени күнү бою шылдыңдаганын эсте.+ 23  Душмандарыңдын эмне деп жатканын унутпа,Сага каршы чыккандардын чуусу басылбай, асманга көтөрүлүп жатат.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «баштарын».