Забур 75:1—10

  • Кудай адилеттүү сот жүргүзөт

    • Ыймансыздар Жахабанын колундагы чөйчөктөн ичет (8)

Жетекчиге. «Жок кыла көрбө» деген обондун коштоосунда ырдалат. Асаптын+ ыры. 75  Сага ыраазычылык билдиребиз, оо, Кудай, ыраазычылык билдиребиз. Сен биздин жаныбыздасың*,+Адамдар кереметтүү иштериңди жарыялайт.  2  Сен: «Мен соттош үчүн убакыт белгилегенден кийинАдилеттүү сот жүргүзөм.  3  Жер менен анын бардык тургундары дүрбөлөңгө түшкөндө,Жердин түркүктөрүн бекем кармап турган мен болчумун»,— дейсиң. (Села)  4  Мактанчаактарга: «Мактанбагыла»,— дейм,Ыймансыздарга: «Күчүңөргө таянбагыла*»,— дейм.  5  Күчүңөргө чиренбегиле,Кекирейе сүйлөбөгүлө.  6  Анткени улуулук деген чыгыштан да,Батыштан да, түштүктөн да келбейт.  7  Себеби Кудай — Сот.+ Ал бирин басынтат, экинчисин жогору көтөрөт.+  8  Жахаба колуна чөйчөк кармап турат,+Ичинде күчтүү шарап көбүрүп-жабырып жатат. Ал аны жер жүзүндөгү ыймансыздарга куюп берет,Ошондо алардын баары аны тундурмасы менен кошо шыпкап ичет.+  9  Мен болсо муну түбөлүккө жар салам,Жакыптын Кудайын даңктап ырдайм*. 10  Себеби ал: «Ыймансыздарды бүт күчүнөн ажыратам. Ал эми адил адамдардын күчүн арттырам»,— дейт.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Сенин ысмың жакын».
Сөзмө-сөз: «Мүйүзүңөрдү көтөрбөгүлө».
Же: «күү чертем».