Забур 76:1—12

  • Кудайдын Сиондун душмандарын жеңиши

    • Кудай мүнөзү жумшактарды куткарат (9)

    • Текеберлерди «момун болгонго мажбур кылат» (12)

Жетекчиге. Кыл аспаптардын коштоосунда аткарылат. Асаптын+ ыры. 76  Жүйүт жериндеги эл Кудайды билет,+Анын ысмы Ысрайылда улуу.+  2  Анын турагы Салимде,+Жашаган жери Сиондо.+  3  Кудай ошол жерде оттуу жебелерди, калканды,Кылыч менен башка согуш куралдарын талкалаган.+ (Села)  4  Сен жарык чачып турасың*;Жырткычтар байырлаган тоолордон алда канча улуксуң.  5  Эр жүрөктөр таланып-тонолду,+Алар набыт болду*,Жоокерлердин баары алдан-күчтөн тайып калышты.+  6  Оо, Жакыптын Кудайы, сен кыйкырганда,Арабачан жоокерлер да, аттар да кырылып калды.+  7  Сен гана кастарлоо сезимин туудурасың.+ Катуу каарыңа ким туруштук бере алат?+  8  Асмандан өкүмүңдү жарыяладың;+Жер коркуп, үн катпай калды,+  9  Анткени Кудай сот өкүмүн ишке ашырыш үчүн,Жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактардын баарын куткарыш үчүн ордунан турду.+ (Села) 10  Адамдардын каарданганы даңкталышыңа шарт түзөт,+Атүгүл алардын каарданып жатып кылган акыркы иши аркылуу да өзүңдү даңктап коёсуң. 11  Жахаба Кудайыңарга ант берип, аны аткаргыла,+Тегерегиндегилердин баары аны кастарлап, белек алып келишсин.+ 12  Ал текебер жол башчыларды момун болгонго мажбур кылат,Жер жүзүнүн падышаларын сестентет.

Шилтемелер

Же: «жарыкка чулгангансың».
Сөзмө-сөз: «уйкуга кетишти».