Забур 8:1—9

  • Кудайдын даңкы; адамды да урмат-сыйга бөлөгөн

    • «Сенин ысмың... кандай улуу!» (1,9)

    • «Ажалдуу адам ким болуп калыптыр?» (4)

    • Адамды урмат-сыйга бөлөгөнсүң (5)

Жетекчиге. Гиттит*. Дөөтүнүн ыры. 8  Оо, Жахаба Теңирибиз, сенин ысмың жер жүзү боюнча кандай улуу! Сен улуулугуңду асмандан да жогору көтөрдүң*!+  2  Сага каршы чыккан мыкаачы душманыңдын жаагын жап кылыш үчүн,Жаш балдар менен наристелердин+ сөзү аркылуу күчүңдү көрсөттүң.  3  Мен асманды, колуңдан бүткөн нерселерди*,Сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда:+  4  «Сен эстеп жүргүдөй, ажалдуу адам ким болуп калыптыр? Сен кам көргүдөй, адам баласы ким болуп калыптыр?» — деп ойлоном.+  5  Сен аны периштелерден* бир аз төмөн кылып жараткансың,Аны даңк менен урмат-сыйга бөлөгөнсүң.  6  Ага колуңан бүткөндүн баарынын үстүнөн бийлик бергенсиң,+Баарын ага баш ийдиргенсиң.  7  Майда мал менен бодо малдын баарын,Жапайы жаныбарларды да,+  8  Асмандагы канаттууларды, деңиздеги балыктарды,Деңизде сүзүп жүргөн жандыктарды да — баарын ага баш ийдиргенсиң.  9  Оо, Жахаба Теңирибиз, сенин ысмың бүт жер жүзү боюнча кандай улуу!

Шилтемелер

Же балким: «Улуулугуң асмандан да жогору жар салынган».
Же: «манжаларыңдын иштерин».
Же: «кудай сыяктуулардан».