Забур 80:1—19

  • Ысрайылдын Койчусунан кайра кабыл алышын сурануу

    • «Оо, Кудай, бизди кайра кабыл ал» (3)

    • Ысрайыл — Кудайдын жүзүм сабагы (8—15)

Жетекчиге. «Лилиялар» деген обондун коштоосунда ырдалат. Эскертип туруш үчүн жазылган. Асаптын+ ыры. 80  Жусуптун элин отордой кылып жетектеп жүргөндүн өзү,+Ысрайылдын Койчусу, кулак сала көр. Керуптардын* үстү жагында* тактыда отургандын өзү,+ жаркыра.  2  Эпрайымдын, Бенжеминдин, Менашенин алдындаКудуретиңди көрсөт,+Келип, бизди куткара көр.+  3  Оо, Кудай, бизди кайра кабыл ал,+Ырайым кылып, бизди куткар.+  4  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, элиңе качанга чейин ачууланып, тиленгенин укпайсың?+  5  Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң,Аларга көз жашты ченемсиз жуткуздуң.  6  Коңшуларыбыздын бизди бийлеп алыш үчүн өз ара талашышына жол бердиң,Душмандарыбыз бизди каалашынча шылдыңдап жатышат.+  7  Оо, асман аскерлеринин Кудайы, бизди кайра кабыл ал,Ырайым кылып, бизди куткар.+  8  Элиңди Мисирден жүзүм сабагындай кылып алып келдиң,+Анан элдерди жеринен кууп чыгып, ал жакка өз элиңди отургуздуң,+  9  Ал үчүн жерди даярдап, тазаладың. Ал тамыр байлап, ошол жердин баарына жайыла өстү.+ 10  Анын көлөкөсү тоолорго түштү,Бутактары Кудай отургузган бал карагайларды жаап калды. 11  Ал бутактарын деңизге чейин,Жаш бутактарын дарыяга* чейин жайды.+ 12  Жүзүмзардын таш дубалдарын эмнеге ураттың?+ Жанынан өткөндөрдүн баары мөмөлөрүн үзүп кетип жатышат.+ 13  Аны токойдогу камандар кыйратып,Талаа жаныбарлары талап жеп жатат.+ 14  Оо, асман аскерлеринин Кудайы, бизге кайрылып кел. Асмандан назарыңды салып, эмне болуп жатканын көр! Ушул жүзүмгө кам көрө көр,+ 15  Оң колуң отургузган жүзүмдү* багып-карай көр,+Өз даңкың үчүн өзүң күчтүү кылган уулуңа* көз кырыңды сала көр.+ 16  Жүзүм өрттөлүп,+ кыйылды,Жемеңден улам элиң жок болуп баратат. 17  Сенин колуң оң тарабыңдагы кишини колдосун,Өз даңкың үчүн өзүң күчтүү кылган адам уулун колдосун.+ 18  Ошондо сенден баш тартпайбыз,Сени ысмыңдан чакырышыбыз үчүн, бизди сактап кал. 19  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, бизди кайра кабыл ал,Ырайым кылып, бизди куткар.+

Шилтемелер

Жогорку даражалуу периштелердин.
Же балким: «ортосунда».
Евфратка.
Же: «жүзүмдүн сөңгөгүн».
Же: «бутакка».