Забур 82:1—8

  • Адилеттүү сот жүргүзгөнгө чакыруу

    • Кудай «кудайлардын арасында сот жүргүзөт» (1)

    • «Бей-бечараны... коргогула» (3)

    • «Силер кудайларсыңар» (6)

Асаптын+ ыры. 82  Кудай жыйынында өзүнүн ордуна турат,+Ал кудайлардын* арасында сот жүргүзүп, мындай дейт:+  2  «Качанга чейин силер адилетсиз сот жүргүзүп,+Ыймансыздарды жактайсыңар?+ (Села)  3  Бей-бечараны, жетимди коргогула*,+Алсыз менен жакырга адилеттик кылгыла.+  4  Бечараны, жардыны куткаргыла,Ыймансыздардын колунан бошоткула».  5  Алар* билишпейт да, түшүнүшпөйт да,+Караңгылыкта жүрүшөт;Адилеттик жок, мыйзамдарды тоготушпайт*.+  6  «Мен өзүм*: „Силер кудайларсыңар*,+Баарыңар тең Эң Жогорку Кудайдын уулдарысыңар.  7  Бирок силер башка адамдардай эле өлөсүңөр;+Төрөлөрдүн баарындай эле жок болосуңар!“ — дедим».+  8  Ордуңан тур, оо, Кудай, жерди сотто,+Анткени бардык элдер сага таандык.

Шилтемелер

Же: «кудай сыяктуулардын».
Же: «Бей-бечаранын, жетимдин ишин териштиргиле».
Б. а. 1-аятта айтылган «кудайлар».
Сөзмө-сөз: «Жердин бүт пайдубалдары солкулдап жатат».
Б. а. Кудай.
Же: «кудай сыяктуусуңар».