Забур 83:1—18

  • Душмандары коркунуч туудурган кишинин тилеги

    • «Оо, Кудай, унчукпай койбо» (1)

    • Алар «куюн учурган коко тикендей» (13)

    • Кудайдын ысмы — Жахаба (18)

Асаптын+ ыры. 83  Оо, Кудай, унчукпай койбо,+Үн катпай, жөн тура бербе, оо, Кудай.  2  Мына, душмандарың дүрбөп,+Сени жек көргөндөр текебердик кылып жатышат*.  3  Митаамдык менен элиңе каршы жең ичинен сүйлөшүп жатышат,Сен баалап-барктагандарга каршы кеңешип жатышат.  4  Алар: «Жүргүлө, ысрайыл элин кырып салалы,+Ал элдин аты экинчи эскерилгис болсун»,— деп жатышат.  5  Биригип алып амал ойлоп жатышат,Сага каршы шериктештик* түзүштү:+  6  Эдомдуктар, Ысмайылдын тукумдары, мааптыктар,+ агрылыктар,+  7  Гебалдыктар, Амондун тукумдары,+ Амалыктын тукумдары,Пелиштиликтер,+ Тирдин+ тургундары шериктештик түзүштү.  8  Ашур*+ да аларга кошулду,Алар Лоттун урпактарына*+ колдоо көрсөтүштү. (Села)  9  Мидиандыктарга,+ Сисерага кылганыңды,Кишон өзөнүндө* Жабинге кылганыңды аларга да кыл.+ 10  Алар Эн-Дордо+ жок кылынган,Жерге чачылган кыктай болуп калган. 11  Аттуу-баштууларына Ореп менен Зепке+ кылганыңды,Төрөлөрүнө* Зебак менен Залмунга+ кылганыңды кыл. 12  Себеби алар: «Кудай турак кылган жерлерди ээлеп алалы»,— дешкен. 13  Оо, Кудайым, аларды куюн учурган коко тикендей*,+Шамал учурган самандай кыл. 14  От токойду өрттөгөндөй,Жалын тоолорду жалмагандай,+ 15  Сен да аларды бороонуң менен кубала,+Катуу шамалың менен үрөйүн учур.+ 16  Оо, Жахаба, алардын жүзүн жер карат,Сени ысмыңдан чакыргандай болушсун. 17  Алар уят болуп, биротоло коркуп калышсын,Маскара болуп, тыптыйпыл болушсун. 18  Элдер сенин ысмың Жахаба экенин,+Бүт жер үстүнөн бийлик кылган Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди билсин.+

Шилтемелер

Же: «сага каршы баш көтөрүп жатышат».
Же: «келишим».
Ассирия.
Б. а. мааптыктар менен Амондун тукумдарына.
Же: «Кургап калган Кишон дарыясынын нугунда».
Же: «Башчыларына».
Же: «камгактай».