Забур 87:1—7
-
Сион — чыныгы Кудайдын шаары
-
«Сиондо төрөлгөндөр» (4—6)
-
Корактын урпактарынын+ ыры.
87 Кудайдын шаарынын пайдубалы ыйык тоолорго салынган.+
2 Жахаба Ысрайылдын башка жерлерине* караганда,Сионду* көбүрөөк жакшы көрөт.+
3 Оо, чыныгы Кудайдын шаары,+ сен жөнүндө укмуш сөздөр айтылып жатат. (Села)
4 Мени билгендердин катарына Рахап*+ менен Бабылды* да кошом;Алардын арасында Пелишти, Тир, Куш да бар.
Ал жактан болгондор жөнүндө: «Бул Сиондо төрөлгөн»,— делет.
5 Сион тууралуу болсо:
«Алардын бүт баары ошол жерде төрөлгөн»,— делет.
Сионду Эң Жогорку Кудай өзү бекемдейт.
6 Жахаба элдерди каттаганда:
«Бул ошол жерде төрөлгөн»,— деп жарыялайт. (Села)
7 Ырчылар+ менен бийчилер:+
«Сен мен үчүн бардык жакшылыктардын* булагысың»,— деп айтышат.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Жакыптын бардык чатырларына».
^ Сөзмө-сөз: «Сиондун дарбазаларын».
^ Сыягы, Мисир.
^ Вавилонду.
^ Же: «бардык нерсенин».