Забур 91:1—16

  • Кудайдын жашыруун жайына коргологон киши

    • Кудай «куш кармаган аңчынын тузагынан... сактайт» (3)

    • Кудайдын канатына корголоо (4)

    • Миңи куласа да, коопсуздук болот (7)

    • «Кудай периштелерине буйрук берет» (11)

91  Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайында+ жашаган адамКудурети Чексиз Кудайдын көлөкөсүнө корголойт.+  2  Мен Жахабага: «Сен баш маанамсың, сепилимсиң,+Таянган Кудайымсың»,— дейм.+  3  Себеби ал сени куш кармаган аңчынын тузагынан,Каргашалуу дарттан сактайт.  4  Канаты менен калкалайт,Сен анын канатына корголойсуң,+Анын ишеничтүүлүгү+ сага чоң калкан,+ чеп болот.  5  Түнкү коркунучтардан,+Күндүз учкан жебелерден коркпойсуң,+  6  Караңгы түндө аңдып келген жугуштуу оорудан,Чак түштө кыра турган каргашадан коркпойсуң.  7  Жаныңа миңи кулайт,Оң жагыңа он миңи сулайт,Бирок сага эч бир жамандык жакындабайт.+  8  Сен карап гана турасың,Ыймансыздардын жазаланганына күбө болосуң.  9  Анткени: «Жахаба — баш маанам»,— дегенсиң,Эң Жогорку Кудайды баш паанек* кылып келгенсиң.+ 10  Сени бир да кырсык баспайт,+Чатырыңа бир да балээ жакындабайт. 11  Анткени Кудай периштелерине+ буйрук берет,Кайсы жакка барба, сени коргоп жүрүүнү буйрук кылат.+ 12  Бутуң ташка урунбашы үчүн,+Алар сени колуна көтөрүп кетишет.+ 13  Жаш арстан менен чекир жыланды бутуң менен басасың,Жалдуу арстан менен чоң жыланды тебелейсиң.+ 14  Кудай мындай деген: «Мени сүйгөндүгү үчүн,Мен аны куткарам.+ Ысмымды билгени үчүн коргойм.+ 15  Мени чакырганда, жооп берем,+Кыйынчылык учурунда жанында болом,+Аны куткарам, даңкка бөлөйм. 16  Ага узун өмүр берем,+Куткаруучусу экенимди* көрсөтөм».+

Шилтемелер

Же балким: «чебиң; турагың».
Же: «Кантип куткарарымды».