Забур 94:1—23
94 Оо, Жахаба, өч алуучу Кудай,+Оо, өч алуучу Кудай, өзүңдүн ким экениңди көрсөт!
2 Оо, жер жүзүнүн Соту, ордуңан тур,+Бой көтөргөндөрдүн тиешесин бер.+
3 Качанкыга чейин, оо, Жахаба,Качанкыга чейин ыймансыздар кубанып-шаттанышат?+
4 Алардын тили тыйылбайт, текебердене сүйлөшөт.
Жамандык кылгандардын баары мактанып жатышат.
5 Оо, Жахаба, алар сенин элиңди эзип,+Энчиңди кысымга алып жатышат.
6 Жесир менен келгинди өлтүрүп,Жетимдердин өмүрүн кыйып жатышат.
7 Алар: «Жах* көрбөйт,+Жакыптын Кудайы байкабайт»,— дешет.+
8 Акылсыздар, муну түшүнгүлө.
Акылы жоктор, деги качан түшүнөсүңөр?+
9 Кулакты бергендин өзү укпайт бекен?
Көздү жараткандын өзү көрбөйт бекен?+
10 Элдерди оңдоп-түзөгөндүн өзү ашкерелебейт бекен?+
Адамдарга билимди ал өзү берет!+
11 Жахаба адамдардын ойлорун билет,Алардын ойлору дем сыяктуу экенин, куру-бекер экенин билет.+
12 Оо, Жах, сен кимди оңдоп-түзөсөң,+Кимге мыйзамыңды үйрөтсөң, ошол адам бактылуу.+
13 Сен ага алаамат күндөрү тынчтык бересиң,Ыймансыздарга аң казылганга чейин ошентесиң.+
14 Анткени Жахаба өз элин таштабайт,+Өз энчисин калтырбайт.+
15 Себеби кайрадан адил өкүмдөр чыгарылат,Аларга жүрөгү тазалардын баары карманат.
16 Мени кара ниеттерден ким коргойт?
Ким мен үчүн ыймансыздарга каршы турат?
17 Эгер Жахаба жардам бербесе,Тез эле жок болуп кетмекмин.+
18 «Бутум тайып баратат»,— дегенимде,Оо, Жахаба, мени туруктуу сүйүүң менен колдоп тургансың.+
19 Тынчым кетип, санаа басканда*,Мени сооротуп-жубаткансың*.+
20 Мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлогон,+Адилетсиздик кылган башкаруучулар* сага шериктеш боло алабы?
21 Алар адил адамга ырайымсыздык менен кол салып,+Айыпсыздын канын төгүш үчүн аны күнөөлөп жатышат.+
22 Бирок Жахаба мага коопсуз баш маана болот,Кудайым — баш калкалаар аска-зоом.+
23 Кудай алардын жамандыгын өздөрүнүн башына салат,+Өздөрүнүн эле кыянаттыгын өз башына түшүрүп, аларды жок кылат.
Жахаба Кудайыбыз аларды күм-жам кылат.+
Шилтемелер
^ «Жахаба» деген ысымдын кыскартылган түрү.
^ Же: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө».
^ Же: «Сенин сооротконуң жанымды жай алдырган».
^ Же: «соттор».