Забур 95:1—11
95 Келгиле, Жахабанын алдында шаттаналы!
Куткаруучу Аска-зообуздун алдында салтанаттуу үн салалы!+
2 Анын алдына ыраазычылык менен баралы,+Аны даңктап ырдап шаттаналы.
3 Анткени Жахаба — улуу Кудай,Башка кудайлардын баарынан жогору турган улуу Падыша.+
4 Жердин тереңдиктери анын колунда,Тоолордун чокулары ага таандык.+
5 Өзү жараткан деңиз да ага таандык,+Кургактык да анын колунан бүткөн.+
6 Келгиле, ага сыйыналы, таазим кылалы,Жаратканыбыз Жахабанын алдында тизе бүгөлү.+
7 Анткени ал — биздин Кудайыбыз,Биз анын жайытындагы койлорубуз,Ал кам көргөн элибиз.+
Бүгүн анын үнүн уксаңар кана!+ Ал мындай деген:
8 «Мерибадагыдай* кежирленбегиле,+Чөлдөгү Масада* жүргөн учурдагыдай болбогула,+
9 Ал жактан ата-бабаларыңар мени сынашкан;+Кылган иштеримди көрүшсө да, сынашкан.+
10 Мен ал муундан 40 жыл бою жийиркенип:
„Булар дайыма жүрөктөрүнүн каалоолоруна жетеленип жүрүшөт,Мени* таанып-билишкен жок“,— дегем.
11 Ошондуктан каарданып:
„Алар мен эс алган күнү эс алышпайт*“,— деп ант бергем».+
Шилтемелер
^ Мааниси: «чыр-чатак, талаш, келишпестик».
^ Мааниси: «сыноо, текшерүү».
^ Сөзмө-сөз: «Жолдорумду».
^ Же: «мен эс алган жерге киришпейт».