Забур 96:1—13

  • «Жахабага арнап жаңы ыр ырдагыла»

    • Жахаба даңкка татыктуу (4)

    • Элдердин кудайларынын пайда-батасы жок (5)

    • Жахабага ыйык кийимчен сыйынгыла (9)

96  Жахабага арнап жаңы ыр ырдагыла.+ Бүт жер жүзү, Жахабаны даңктап ырда!+  2  Жахабаны мактап ырдагыла, анын ысмын даңктагыла. Анын кантип куткарары жөнүндөгү жакшы кабарды күнүгө жарыялагыла.+  3  Элдердин арасында анын даңкын,Бүт элдердин арасында кереметтүү иштерин жар салгыла.+  4  Анткени Жахаба — улуу Кудай, даңкка баарынан да ал татыктуу. Башка кудайлардын баарынан сүрдүү.  5  Бардык элдердин кудайлары — пайда-батасы жок кудайлар,+Жахаба болсо асманды жараткан Кудай.+  6  Ал улуулук* менен көрккө бөлөнгөн,+Күч менен сулуулук анын ыйык жайында.+  7  Уруулар, Жахабаны даңазалагыла,Даңкы менен күч-кубаты үчүн Жахабаны алкагыла.+  8  Жахабага анын ысмы татыктуу болгон даңкты ыйгаргыла,+Белек алып, анын короолоруна киргиле.  9  Жахабага ыйык кийимчен* сыйынгыла*,Бүт жер жүзү, анын алдында титире! 10  Элдер арасында: «Жахаба падыша болду!+ Ал жерди бекем орноткон, жер эч качан козголбойт. Ал элдерди калыс соттойт»,— деп жар салгыла.+ 11  Асман кубансын, жер шаттансын. Деңиз менен андагынын баары күркүрөсүн.+ 12  Талаа менен андагынын баары сүйүнсүн.+ Токойдогу бардык дарактар кубанычтуу үн салсын.+ 13  Жахабанын алдында ошентишсин, анткени ал келатат*,Жерди соттогону келатат. Ал жерди адилеттик менен соттойт,+Элдердин ишеничтүү соту болот.+

Шилтемелер

Же: «кадыр-барк».
Же балким: «улуу ыйыктыгы үчүн».
Же: «таазим кылгыла».
Же: «келди».