Забур 97:1—12

  • Жахаба башка кудайлардан жогору турат

    • «Жахаба падыша болду!» (1)

    • «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө» (10)

    • Адил адамга жарык тиет (11)

97  Жахаба Падыша болду!+ Жер жүзү кубансын.+ Көп сандаган аралдар шаттансын.+  2  Кудайды булуттар менен коюу караңгылык каптап турат,+Ал дайыма адилдик, акыйкаттык менен башкарат.+  3  Анын алдында от баратат,+Туш тарабындагы душмандарынын баарын жалмап жатат.+  4  Анын чагылганы жер бетин жарык кылып турат,Аны көрүп, жер солкулдап жатат.+  5  Тоолор Жахабанын алдында,+Жер жүзүнүн Теңиринин алдында момдой эрийт.  6  Асман анын адилдигин жарыялап,Бардык элдер анын даңкын көрүп жатат.+  7  Оюлуп жасалган буркандарга сыйынгандардын,+Пайда-батасы жок кудайлары менен мактангандардын баары уятка калсын.+ Бардык кудайлар, ага таазим кылгыла*.+  8  Өкүмдөрүңдү угуп, Сион сүйүнүп жатат;+Оо, Жахаба, адилет сот жүргүзгөнүңөЖүйүттүн шаарлары кубанып жатат.+  9  Анткени сен, Жахаба, бүт жер үстүнөн бийлик кылган Эң Жогорку Кудайсың,Башка бардык кудайлардан алда канча жогору турасың.+ 10  Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө.+ Ал өзүнө берилген кызматчыларынын жанын сактайт,+Аларды ыймансыздардын колунан* куткарат.+ 11  Адил адамга жарык тийди,+Жүрөгү тазаларга кубаныч келди. 12  Адил адамдар, Жахабанын иштерине кубангыла,Анын ыйык ысмын* даңктагыла.

Шилтемелер

Же: «сыйынгыла».
Же: «бийлигинен».
Сөзмө-сөз: «ыйыктыгынын эскерилишин».