Закарыя 1:1—21
1 Дарий* падышанын башкаруусунун экинчи жылынын сегизинчи айында+ Жахаба* мага — Идонун небереси, Берекиянын уулу Закарыя* пайгамбарга+ — мындай деди:
2 «Мен, Жахаба, ата-бабаларыңарга катуу каарданган болчумун.+
3 Сен элге мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мага кайрылып келгиле,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— ошондо мен да силерге кайрылып келем”,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба“.
4 „Ата-бабаларыңардай болбогула. Мурунку пайгамбарлар аларга: “Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Суранам, жаман жолуңардан кайткыла, жаман иштериңерди таштагыла”,— деп жатат”,— деп жарыялашкан“.+
„Бирок алар мени угушкан эмес, сөзүмө көңүл бурушкан да эмес,+— дейт Жахаба.—
5 Ошол ата-бабаларыңар азыр кайда? Пайгамбарлар кайда, алар түбөлүк жашай алдыбы?
6 Бирок ошол кызматчыларыма, пайгамбарларыма, айткан сөздөрүм менен буйруктарымдын аткарылганын ата-бабаларыңар өз көзү менен көргөн эмес беле?+ Ошон үчүн алар мага кайрылып: “Жүргөн жолубуз, кылган иштерибиз үчүн асман аскерлеринин Кудайы Жахаба бизге эмне кылгысы келсе, ошону кылды”,— дешкен“».+
7 Дарийдин башкаруусунун экинчи жылында он биринчи айдын, тактап айтканда, шебат айынын* жыйырма төртүнчү күнү+ мага — Идонун небереси, Берекиянын уулу Закарыя пайгамбарга — Жахаба аян берди:
8 мен түндө аянда кызыл ат минген бир кишини көрдүм. Ал капчыгайдагы мирт дарактарынын арасына келип, токтоп туруп калды. Анын арт жагында кызыл, кызгылт күрөң, ак боз аттар туруптур.
9 Мен: «Бул атчандар кимдер, мырзам?» — деп сурадым.
Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периште: «Сага булардын ким экенин көрсөтөм»,— деди.
10 Анан мирт дарактарынын арасында турган киши: «Булар — Жахаба жер бетин кыдырып чыкканга жибергендер»,— деди.
11 Ошол атчандар Жахабанын мирт дарактарынын арасында турган периштесине: «Биз жер жүзүн кыдырып чыктык, бүт жерде тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүп жатат»,— дешти.+
12 Ошондо Жахабанын периштеси: «Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Иерусалимге, Жүйүттүн башка шаарларына качан ырайым кыласың?+ Аларга каарданып жатканыңа 70 жыл болду»,— деди.+
13 Жахаба мени менен сүйлөшүп жаткан ошол периштеге жылуу-жумшак жооп берип, жубатарлык сөздөрдү айтты.
14 Ошондо ал периште мага мындай деди: «Мындай деп жар сал: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Мен Иерусалим менен Сионду ынтам менен, бүт ынтам менен коргойм.+
15 Бейкапар жаткан элдерге катуу каарданып жатам.+ Анткени мен элиме бир аз эле каарданган болчумун,+ алар болсо элимдин азабын арбытышты”,— деп жатат“.+
16 Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „”Иерусалимге кайрадан кайрымдуулук кылам.+ Ал жерге менин үйүм кайра курулат,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— куруучулар Иерусалимди ченегич жип менен ченеп чыгышат”“.+
17 Дагы мындай деп жар сал: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Менин шаарларым кайрадан жакшылыктарга толот. Мен, Жахаба, Сионду кайрадан сооротуп-жубатам,+ Иерусалимди кайрадан тандап алам”,— дейт“».+
18 Анан жогору карап, 4 мүйүздү көрдүм.+
19 Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар эмне болгон мүйүздөр?» — деп сурадым. Ал: «Булар — Жүйүттүн,+ Ысрайылдын+ жана Иерусалимдин+ элин туш-тушка чачыратып жиберген мүйүздөр»,— деп жооп берди.
20 Андан кийин Жахаба мага 4 устаны көрсөттү.
21 Мен: «Булар эмне кылганы жатышат?» — деп сурадым.
Ал: «Тиги мүйүздөр Жүйүттүн элин эч кимиси баш көтөрө алгыс кылып туш-тушка чачыратып жиберген. Бул усталар болсо Жүйүт жериндеги элди чачыратып жибериш үчүн мүйүзүн көтөргөн элдерди коркутуп, алардын мүйүздөрүн сындырганы келишет»,— деди.