Закарыя 11:1—17
11 «Эшиктериңди ач, Лебанон,Бал карагайларыңды от жалмасын.
2 Боздоп ыйла, арча, себеби бал карагай кулады,Бакыйган дарактар кыйрады!
Боздоп ыйлагыла, Башандагы эмендер,Анткени чытырман токой жок болду!
3 Уксаңар, койчулар боздоп жатат,Себеби даңкынан, улуулугунан ажырашты.
Уксаңар, жаш арстандар* арылдап жатат,Анткени Иордандын боюндагы калың бадалдар жок болду.
4 Жахаба Кудайым: „Союла турган койлорду кайтар.+
5 Сатып алгандар аларды союп жатышат,+ бирок айыпталышкан жок. Аларды саткандар болсо:+ “Жахабага даңк, эми байыйм”,— деп жатышат. Койчулары аларды такыр аябайт“,— дейт.+
6 „Мындан ары бул жердин тургундарына боорум оорубайт. Аларды бири-биринин колуна, өз падышасынын колуна салып берем. Алар бул жерди кыйратышат, эч кимисин алардын колунан куткарбайм“,— дейт Жахаба».
7 Отордогу байкуштар, мен союла турган койлорду силер үчүн кайтара баштадым.+ Эки таяк алып, бирин Ырайым, экинчисин Биримдик+ деп атап, оторду кайтара баштадым.
8 Бир айдын ичинде 3 койчуну кууп жибердим, себеби аларга чыдабай калдым, алар да мени жек көрүшчү.
9 Анан мен: «Мындан ары силерди кайтарбайм. Өлө турганы өлүп, жоголо турганы жоголо берсин. Калгандары биринин этин бири жесин»,— дедим.
10 Ырайым деген таягымды алып,+ элим менен түзгөн келишимимди бузуш үчүн аны сындырып салдым.
11 Келишим ошол күнү бузулду, ошондо мени карап турган отордогу байкуштар Жахабанын кабарын айтканымды түшүнүштү.
12 Мен аларга: «Эгер туура көрсөңөр, мага акымды бергиле. Бергиңер келбесе, бербей эле койгула»,— дедим. Алар акыма 30 күмүш тыйын* беришти.+
13 Ошондо Жахаба мага: «Алардын мага бычкан бул өтө кымбат баасын казынага таштап кой»,— деди.+ Мен 30 күмүш тыйынды алып, Жахабанын ибадатканасындагы казынага таштап койдум.+
14 Анан Биримдик+ деп аталган экинчи таягымды сындырып, Жүйүт менен Ысрайылдын элинин ортосундагы бир туугандык мамилени буздум.+
15 Жахаба мага мындай деди: «Эми жаман койчудай болуш үчүн эмнелер керек болсо, ошолорду ал.+
16 Себеби мен бул жерде бир койчунун пайда болушуна жол берем. Ал өлөйүн деп жаткан койлорду карабайт,+ козуларын издебейт, оорулууларын дарылабайт,+ соолоруна жем-чөп бербейт, тескерисинче, семиздерин союп жейт,+ койлордун туяктарын жулуп алат.+
17 Оторду карабай таштап койгон жаман койчумдун+ башына каран түн түшөт!+
Колу менен оң көзүн кылыч жаралайт.
Колу сенек болуп калат,Оң көзү болсо сокур болуп калат».