Закарыя 13:1—9

  • Буркандар менен жалган пайгамбарлардын күнү бүтөт (1—6)

    • Жалган пайгамбарлар уят болушат (4—6)

  • Койчуга каршы кылыч сунулат (7—9)

    • Жердегилердин үчтөн бир бөлүгү отко салынып, тазаланат (9)

13  Ошол күнү Дөөтүнүн урпактары менен Иерусалимдин тургундарын күнөөлөрү менен ыпыластыгынан тазалаш үчүн кудук казылат.+ 2  „Ошол күнү,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— мен бул жерден буркандардын атын өчүрөм,+ аларды экинчи эч ким эстебейт. Ошондой эле бул жерден жалган пайгамбарларды,+ менин көз алдымда арам нерселердин кылынышына себепкер болгондорду жок кылам. 3  Эгер кайсы бир киши дагы деле пайгамбарлык кыла турган болсо, аны жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси ага: “Сен өлөсүң, анткени Жахабанын атынан калп айтып жатасың”,— дешет. Анан жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны пайгамбарлык кылганы үчүн сайып өлтүрөт.+ 4  Ошол күнү пайгамбарлардын ар бири өзүнүн пайгамбарлык аяны үчүн уят болот, ошондон кийин алар башкаларды алдаш үчүн пайгамбарлар кийчү түктүү кийимин кийбей калышат.+ 5  Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, мени жаш кезимде бирөө кул кылып сатып алган”,— дейт. 6  Эгер кимдир бирөө андан: “Анда денеңдеги* жарааттар эмне болгон жарааттар?” — деп сураса, ал: “Мени досторумдун* үйүндө сабашты”,— деп айтат“».  7  «Кылыч, менин койчума,+Менин жакыныма каршы сунул,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Койчуну өлтүр,+ отордогу койлор туш-тушка чачырап кетсин.+ Мен эч нерсеге татыбагандарды тартипке салам».  8  Жахаба мындай дейт: «Жер бетиндегилердин үчтөн эки бөлүгү кырылып, жок кылынат,Үчтөн бир бөлүгү гана аман калат.  9  Ошол үчтөн бир бөлүгүн отко салам,Аларды күмүштү эритип-тазалагандай тазалайм,Алтынды текшергендей текшерем.+ Алар мени атымдан чакырып, тиленишет,Мен аларга жооп берем. „Булар — менин элим“,— дейм.+ Алар болсо: „Жахаба — биздин Кудайыбыз“,— дешет».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эки колуңдун ортосундагы». Б. а. көкүрөгүндөгү же жонундагы жарааттар.
Же: «мени жакшы көргөндөрдүн».