Закарыя 14:1—21
14 «Мына, Жахабанын күнү келатат. Сенден* олжолоп алган нерселерди сенин ичиңде бөлүп алышат.
2 „Мен бардык элдерди Иерусалимге каршы согушканга чогултам. Шаар каратылып алынат, үйлөр таланып-тонолот, аялдар зордукталат. Шаардын жарымы туткунга кетет, бирок шаарда калган эл жок кылынбайт“.
3 Жахаба ошол элдерге каршы согушуп,+ согуш убагындагыдай салгылашат.+
4 Ошол күнү ал чыгыштагы, Иерусалимдин тушундагы Зайтун тоосунда+ турат. Зайтун тоосу чыгыштан батышты карай ортосунан бөлүнүп, ал жерде абдан чоң өрөөн пайда болот да, тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө жылат.
5 Силер анын тоолорунун ортосундагы өрөөнгө качып жөнөйсүңөр, анткени тоолордун ортосундагы ал өрөөн Азелге чейин жетет. Ошол убакта Жүйүттүн падышасы Узиянын күндөрүндө болгон жер титирөөдөн качкандай качасыңар.+ Ошондо Жахаба Кудайым бүт ыйыктары менен келет.+
6 Ошол күнү жаркырап турган жарык болбойт,+ бардыгы тоңуп калат*.
7 Ал күн Жахабанын күнү катары белгилүү болот.+ Ошол күн күн да, түн да болбойт; кечкисин да жарык болот.
8 Ал күнү Иерусалимден өмүр суусу+ агып чыгат:+ жарымы чыгыштагы деңизди* көздөй,+ жарымы батыштагы деңизди* көздөй агат.+ Жайы-кышы ушундай болот.
9 Жахаба бүт жер жүзүнө Падыша болот.+ Ошол күнү Жахаба жалгыз Кудай болот,+ анын ысмы гана даңкталат.+
10 Гебадан+ Иерусалимдин түштүгүндөгү Римонго+ чейинки жердин баары Араба+ өрөөнүндөй болот. Иерусалим болсо кайрадан өз ордунда, өйдөрөөктө турат, ага эл отурукташат:+ Бенжемин дарбазасынан+ Биринчи дарбаза менен Бурч дарбазасына чейин, Хананел мунарасынан+ падышанын жүзүм сыккан жайларына* чейин эл отурукташат.
11 Иерусалимге эл отурукташат, ал экинчи каргышка калып кыйратылбайт.+ Иерусалимдин эли бейкут жашайт.+
12 Жахаба Иерусалим менен согушкандардын баарын мындайча жазалайт:+ алардын денеси тирүү кезинде эле чирип калат, көздөрү чанагында, тили оозунун ичинде чирийт.
13 Ошол күнү Жахаба аларды катуу дүрбөлөңгө түшүрөт. Ошондо алар бири-бирин кармап алып, бири-бирине кол салат.+
14 Жүйүттүн эли да Иерусалимде согушат. Тегеректеги бардык элдердин байлыгы: сан жеткис алтын-күмүш, кийим-кече чогултулат.+
15 Аттар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, душмандардын конуштарындагы башка үй айбанаттары да — бүт баары ушинтип жазаланат.
16 Иерусалимге каршы чыккан элдердин аман калгандары болсо жыл сайын+ Падышага, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага,+ сыйынганы* жана Алачык майрамын* белгилегени ал жакка барып турушат.+
17 Эгер кайсы бир элден кимдир бирөө Падышага, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага, сыйынганы Иерусалимге барбаса, анда аларга жамгыр жаабайт.+
18 Эгер Мисирдин эли барып, ал шаарга кирбесе, аларга да жамгыр жаабайт. Алачык майрамын белгилегени барбаган элдерди Жахаба ушинтип жазалайт.
19 Мисирдин эли да, Алачык майрамын белгилегени барбаган башка элдер да күнөөсү үчүн ушундай жаза алышат.
20 Ошол күнү аттарга тагылган коңгуроолордо „Ыйыктык Жахабага таандык!“+ деген жазуу болот. Жахабанын ибадатканасындагы казандар+ курмандык жайынын жанындагы табактардай ыйык болот.+
21 Иерусалимдеги жана Жүйүт жериндеги казандардын баары ыйык болот, алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабага таандык болот. Курмандык чалганы келгендердин баары курмандыктарынын этин ошол казандарга бышырат. Ошол күнү асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ибадатканасында бир да канаандык* болбойт».+
Шилтемелер
^ Б. а. Иерусалимден.
^ Же: «катып калат». Б. а. суукка тоңгондой болуп кыймылдабай калат.
^ Б. а. Жер Ортолук деңизди.
^ Б. а. Жансыз деңизди.
^ Же: «жүзүм сыккычтарына».
^ Же: «таазим кылганы».
^ Же балким: «соодагер».