Закарыя 2:1—13
2 Анан мен өйдө карап, колунда ченегич жиби+ бар бир кишини көрдүм.
2 Андан: «Каякка баратасың?» — деп сурадым.
Ал: «Иерусалимди ченеп, узун-туурасы канча экенин билиш үчүн баратам»,— деп жооп берди.+
3 Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периште алдыга басты. Анын алдынан башка бир периште чыгып,
4 ага: «Чурка, тиги жаш жигитке: „”Иерусалим эл отурукташкан,+ дубал менен курчалбаган шаардай болот, себеби ал жакта эл да, мал да аябай көп болот.+
5 Мен өзүм ал шаарды айландыра курчаган оттуу дубал болом,+ аны даңкыма толтурам”,— дейт Жахаба“,— деп айт»,— деди.+
6 Анан мындай деди: «„Болгула! Болгула! Түндүктөн качкыла“,+— дейт Жахаба.
„Мен силерди туш тарапка* чачыратып жибергем“,+— дейт Жахаба.
7 Бабыл кызы* менен жашаган Сион эли, бол батыраак, кач!+
8 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өзү даңкталгандан кийин мени силерди талап-тоногон элдерге жиберди.+ Ал: „Ким силерге тийсе, менин көзүмдүн карегине тийген болот.+
9 Аларга каршы колумду көтөрөм, аларды өздөрүнүн кулдары талап-тонойт“,— дейт.+ Ошондо мени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер.
10 „Кубанып кыйкыр, Сион кызы*,+ анткени мен келип,+ силердин араңарда жашайм,+— дейт Жахаба.—
11 Ошол күнү көп элдер мен тарапка, Жахаба тарапка, өтүшөт.+ Алар менин элим болушат, мен силердин араңарда жашайм“. Ошондо мени силерге асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер.
12 Жахаба Жүйүттү ыйык жердеги үлүшү катары энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.+
13 Бүт адамдар, Жахабанын алдында унчукпагыла, себеби ал өз оюн ишке ашырыш үчүн ыйык турагынан чыгып келатат».
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «асмандын төрт шамалына».
^ «Бабыл (Вавилон) кызы» деген поэтикалык сөз айкашы, адатта, шаардын өзүн же анын тургундарын билдирет.
^ Бул поэтикалык сөз айкашы Сион тоосунда жайгашкан Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдириши мүмкүн.