Закарыя 3:1—10
3 Анан ал мага Жахабанын периштесинин алдында турган башкы дин кызматчы Жашыяны көрсөттү,+ анын оң жагында ага каршы чыгыш үчүн Шайтан+ туруптур.
2 Анан Жахабанын периштеси Шайтанга: «Шайтан, сени Жахаба соттосун!+ Сени Иерусалимди тандап алган Жахаба+ соттосун! Бул киши оттон суурулуп алынган чычала эмеспи?» — деди.
3 Жашыя периштенин алдында булганган кийимчен турган эле.
4 Периште алдында тургандарга*: «Мунун булганган кийимин чечкиле»,— деди. Анан Жашыяга: «Мына, сени айыбыңдан арылттым, сага мыкты кийим* кийгизилет»,— деди.+
5 Ошондо мен: «Анын башына таза чалма кийгизгиле»,— дедим.+ Алар Жашыянын башына таза чалма, үстүнө жаңы кийим кийгизишти. Жахабанын периштеси болсо анын жанында турду.
6 Анан Жахабанын периштеси Жашыяга мындай деди:
7 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Эгер менин жолумда жүрүп, алдымдагы милдеттериңди аткарсаң, анда үйүмдө сот жүргүзүп,+ короолорума жооптуу болосуң*. Бул жерде тургандарга окшоп менин алдыма ээн-эркин келип турасың“,— дейт.
8 „Башкы дин кызматчы Жашыя, сен да, алдыңда отурган жолдошторуң да уккула! Анткени силер келечектин жышааны катары кызмат кылгандарсыңар! Мен өзүмдүн Бутак+ деп аталган кызматчымды алып келем!+
9 Мен Жашыянын алдына койгон ташты карагыла! Бул таштын 7 көзү бар*. Мен бул ташка чегип жазам,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— бул жердин күнөөсүн бир күндө жок кылам“.+
10 „Ошол күнү ар бириңер жүзүмүңөр менен анжириңердин алдында отуруп*, кошуналарыңарды чакырасыңар“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».+
Шилтемелер
^ Бул, сыягы, башка периштелерди билдирет.
^ Же: «майрамда кие турган кийим».
^ Же: «кам көрөсүң; кайтарасың».
^ Бул, сыягы, ташты 7 көз карап турганын билдирет.
^ Бул гүлдөп-өсүп, тынч, коопсуз жашоону билдирет.