Закарыя 5:1—11

  • 6-аян: учуп бараткан түрмөк (1—4)

  • 7-аян: өлчөгүч идиш (5—11)

    • Ыймансыздыкты билдирген ичиндеги аял (8)

    • Идиш Шынар жерине алынып кетет (9—11)

5  Андан кийин дагы жогору карап, учуп бараткан түрмөктү көрдүм. 2  Ошондо периште менден: «Эмнени көрүп жатасың?» — деп сурады. Мен: «Учуп бараткан түрмөктү көрүп жатам. Анын узундугу 9, туурасы 4 жарым метрдей* экен»,— дедим. 3  Ал мага: «Бул — бүт жер жүзүнө жиберилген каргыш. Себеби уурулук кылгандар+ түрмөктүн бул бетинде жазылган каргыш боюнча али жазалана элек, жалган ант бергендер+ да түрмөктүн тиги бетинде жазылган каргыш боюнча али жазалана элек. 4  „Аны мен жибердим,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Ал уурунун үйүнө жана менин ысмымды оозанып жалган ант берген кишинин үйүнө кирип, ошол жерде калат да, үйдү да, анын устундары менен таштарын да кыйратып жок кылат“»,— деди. 5  Анан мени менен сүйлөшүп жаткан периште жаныма келип: «Башыңды көтөрүп, тетиги жакындап келаткан нерсени карасаң»,— деди. 6  Мен андан: «Ал эмне?» — деп сурадым. Ал: «Жакындап келаткан нерсе — өлчөгүч идиш*»,— деди. Анан: «Ал — бүт жер бетиндеги ыймансыздардын түспөлү»,— деп кошумчалады. 7  Ошондо идиштин коргошундан жасалган тегерек капкагы көтөрүлгөнүн көрдүм. Идиштин ичинде бир аял отуруптур. 8  Периште мага: «Бул аял ыймансыздыкты билдирет»,— деди. Анан аялды кайра идиштин ичине түртүп киргизди да, идиштин оозун коргошун капкак менен жаап койду. 9  Андан кийин өйдө карап, жакындап келаткан 2 аялды көрдүм. Алар шамалга каалгып учуп келатыптыр. Канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар идишти жогору көтөрүштү. 10  Мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар идишти кайда алып баратышат?» — деп сурадым. 11  Ал: «Булар аялга үй куруп бериш үчүн Шынар*+ жерине баратышат. Үй курулуп бүткөндөн кийин, аял ошол жакка, өз ордуна жайгаштырылат»,— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «узундугу 20 чыканак, туурасы 10 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «эйфа». Кургак заттарды өлчөш үчүн колдонулган идиш. Сыйымдуулугу болжол менен 22 литр болгон.
Б. а. Бабыл аймагы.