Закарыя 6:1—15

  • 8-аян: 4 араба (1—8)

  • Падыша, дин кызматчы болгон Бутак (9—15)

6  Анан дагы өйдө карап, 2 жез тоонун ортосунан чыгып келаткан 4 арабаны көрдүм. 2  Биринчи арабага кызыл, экинчи арабага кара,+ 3  үчүнчү арабага ак боз аттар, ал эми төртүнчү арабага темгили бар ала-була аттар чегилген экен.+ 4  Мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар эмне болгон арабалар, мырзам?» — деп сурадым. 5  Периште мага: «Булар — бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдына барып келаткан асмандагы 4 рух*.+ 6  Кара аттар чегилген араба түндүккө,+ ак боз аттар деңиздин ары жагына, ал эми темгили бар аттар түштүккө баратышат. 7  Ала-була аттар да жерди кыдырганы даяр турушат»,— деди. Анан ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла»,— деди. Алар жерди аралап жөнөштү. 8  Ал мага: «Карасаң, түндүккө кеткен аттар Жахабанын түндүккө кайнаган каарын басышты»,— деп кыйкырды. 9  Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди: 10  «Хелдайдын, Тобияхтын, Жедаянын туткунда жүргөн элден алып келген тартуусунан ал да, ошол эле күнү Бабылдан келгендер менен бирге Сепаниянын уулу Жошиянын үйүнө бар. 11  Күмүш менен алтындан таажы* жасап, Жеосадактын уулу башкы дин кызматчы Жашыяга кийгиз.+ 12  Анан ага мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Бутак деп аталган адам+ өз ордунда чоңоюп өсүп, Жахабанын ибадатканасын курат.+ 13  Жахабанын ибадатканасын куруп, кадыр-барктуу болот. Өз тактысына отуруп, падышалык кылат, дин кызматчы да болот.+ Бул эки кызматын шайкештикте* аткарат. 14  Таажы* болсо, Хелемдин, Тобияхтын, Жедаянын+ жана Сепания уулу Хендин иштерин эске салып турушу үчүн, Жахабанын ибадатканасына коюлат. 15  Алыста жүргөндөр келип, Жахабанын ибадатканасын курганга катышышат“,— деп айтты. Ошондо мени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер. Эгер Жахаба Кудайыңардын айтканын уксаңар, ушунун баары ишке ашат”».

Шилтемелер

Сыягы, бул периштелерден турган 4 топту билдирет.
Же: «чоң таажы».
Же: «тынчтыкты көздөп».
Же: «Чоң таажы».