Закарыя 8:1—23

  • Жахаба Сионго чындык менен тынчтык тартуулайт (1—23)

    • «Иерусалим чындыктын шаары деп аталат» (3)

    • «Бири-бириңерге чындыкты айткыла» (16)

    • Орозонун ордуна майрам күндөрү болот (18, 19)

    • «Жахабага кызмат кылганы баралы» (21)

    • Он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармайт (23)

8  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мага дагы кайрылып: 2  «Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейм: „Мен Сионду ынтам менен, бүт ынтам менен коргойм.+ Катуу каарданып, аны ынтам менен коргойм“»,— деди. 3  «Жахаба: „Мен Сионго кайтып келип,+ Иерусалимде жашайм.+ Ошондо Иерусалим чындыктын* шаары деп аталат,+ менин, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын, тоосу ыйык тоо деп аталат“,— дейт».+ 4  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Иерусалимдин аянттарында кайрадан кары кишилер менен кары аялдар отурат. Узак өмүр сүрүшкөндүктөн, ар биринин колунда таягы болот.+ 5  Шаар аянттары кайрадан ойноп жүргөн балдар менен кыздарга толот“,— дейт».+ 6  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ошол күндөрү элдин аман калгандарына бул мүмкүн эместей сезилсе эле, мен үчүн да мүмкүн эмес болуп калмак беле?“ Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ушундай дейт». 7  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен элимди чыгыштан да, батыштан да алып чыгып,+ 8  Иерусалимге алып келем, алар ошол жерде жашашат.+ Алар менин элим болушат, мен болсо алардын чыныгы*, адил Кудайы болом“».+ 9  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ушул күндөрү пайгамбарлардын ушул сөздөрүн+ — мурун да асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузулуп, аны кура баштаган күнү айтылган сөздөрдү — уккандар, кайраттуу болгула.+ 10  Ошол убакка чейин адамдарга эмгек акысы төлөнгөн эмес, үй жаныбарларын иштеткен үчүн да акы төлөнгөн эмес.+ Душмандардын айынан эл коркуп, ээн-эркин иш кыла албай калган, анткени мен адамдардын бири-бирине каршы чыгышына жол бергем“. 11  „Мындан ары мен бул элдин аман калгандарына мурункудай мамиле кылбайм,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— 12  Тынчтыктын үрөнү себилет, жүзүм мөмө байлайт, жер түшүмүн,+ асман шүүдүрүмүн берет. Мунун баарын бул элдин аман калгандарына мурас катары берем.+ 13  Жүйүт менен Ысрайылдын эли, мурун элдердин арасында каргышка калган болсоңор,+ эми мен силерди куткарам, ошондо баталуу болосуңар.+ Коркпогула,+ кайраттуу болгула!“+ 14  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „”Ата-бабаларыңар мени каардантышканда, башыңарга мүшкүл түшүрөм деп чечкем, ал үчүн өкүнгөн эмесмин,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— 15  Эми болсо Иерусалим менен Жүйүттүн элине жакшылык кылам деп чечтим.+ Коркпогула!”“+ 16  „Мындай кылышыңар керек: бири-бириңерге чындыкты айткыла,+ шаар дарбазаларынын алдында сот жүргүзгөндө чынчыл болгула, тынчтыкка өбөлгө түзгүлө.+ 17  Бири-бириңерге жамандык кылууну ойлобогула,+ жалган ант бербегиле*,+ анткени мен мунун баарын жек көрөм“,+— дейт Жахаба». 18  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди: 19  «Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейм: „Төртүнчү,+ бешинчи,+ жетинчи+ жана онунчу айлардагы+ орозо күндөрү Жүйүттүн эли үчүн кубанып-шаттана турган, майрам өткөрө турган күндөр болот.+ Ошондуктан чындыкты, тынчтыкты сүйгүлө“. 20  Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейм: „Бул жерге элдер, көптөгөн шаарлардын тургундары келе турган убак болот. 21  Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Жүргүлө, жүргүлө, Жахабадан ырайым кылышын сураганы, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага кызмат кылганы баралы. Мына, биз да баратабыз”,— дешет.+ 22  Көптөгөн адамдар, күчтүү элдер асман аскерлеринин Кудайы Жахабага кызмат кылганы,+ Жахабадан ырайым кылышын сураганы Иерусалимге келишет“. 23  Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейм: „Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып,+ бир жүйүттүн этегинен кармап, бекем кармап: “Биз силер менен барабыз,+ себеби Кудай силер менен экенин уктук”,— дешет“».+

Шилтемелер

Же: «ишенимдүүлүктүн».
Же: «ишеничтүү».
Же: «жалган антты жакшы көрбөгүлө».