Колосалыктарга 4:1—18

  • Кожоюндарга айтылган кеңеш (1)

  • «Кудайдан дайыма тиленгиле» (2—4)

  • «Машаяктын жолун жолдобогондор менен мамилелешкенде акылдуу болгула» (5, 6)

  • Соңку сөздөр (7—18)

4  Кожоюндар, кулдарыңарга адилеттүү, калыс мамиле кылгыла. Анткени асманда өзүңөрдүн да Кожоюнуңар бар экенин билесиңер.+ 2  Кудайдан дайыма тиленгиле,+ тиленгенди эч качан унутпагыла*, ошону менен бирге, ага ыраазычылык билдиргиле.+ 3  Биз үчүн да тиленгиле:+ Кудай кабар айтышыбызга, Машаяк жөнүндөгү ыйык сырды жарыялашыбызга жол ачсын. Себеби мен ошол ыйык сыр үчүн кишенделип, түрмөдө отурам.+ 4  Аны тийиштүү түрдө так-айкын айта алышым үчүн да тиленгиле. 5  Убакытты пайдалана билип*, Машаяктын жолун жолдобогондор менен мамилелешкенде акылдуу болгула.+ 6  Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз кошулгандай даамдуу болсун,+ ошондо ар бир адамга кантип жооп бериш керектигин билесиңер.+ 7  Менин ал-жайым жөнүндө баарын силерге Мырзабыздын мен сыяктуу эле кулу, ишенимдүү кызматчысы, сүйүктүү боордошум Тихик+ айтып берет. 8  Аны ал-жайыбызды билдирип, силерди жубатышы үчүн жиберип жатам. 9  Аны менен кошо силер жактан келген ишеничтүү, сүйүктүү бир тууганым Онесим+ да барат. Экөө бул жакта болуп жаткандардын баарын айтып беришет. 10  Мени менен камакта отурган Аристарх+ силерге саламын айтып жатат. Барнабанын тууганы Марк+ да салам айтып жатат (ал силерге келсе, жылуу тосуп алгыла+ деп айткан болчубуз). 11  Жуст деген да аты бар Иса да салам жолдоп жатат. Сүннөткө отургузулгандардын арасынан ушулар гана Кудайдын Падышалыгынын ишин кылып, мени менен кызматташып, мага жөлөк болушту*. 12  Машаяк Исанын кулу, силер жактан келген Эпафрас+ да салам айтып жатат. Ал силер үчүн дайыма жан-дилден тиленип, Исанын жолдоочусу катары жетиле берсе экен деп, Кудайдын эркине байланышкан бардык нерсеге бекем ишенип, ошонусунан жазбаса экен деп Кудайдан суранып келет. 13  Ал силер үчүн, Лаодикиядагылар менен Жераполдогулар үчүн көп күч-аракет жумшап жатат. Муну ишенимдүү түрдө айта алам. 14  Сүйүктүү боордошубуз дарыгер Лука+ менен Димас+ да салам айтып жатышат. 15  Лаодикиядагыларга, Нимпа менен анын үйүндө чогулган бир туугандарыбызга менден салам айткыла.+ 16  Силерде окулгандан кийин бул кат лаодикиялыктардын жыйналышында да окулсун,+ ал эми аларга жөнөткөн катымды силер да окугула. 17  Архипке+ болсо: «Мырзабыз тапшырган ишти аткарыш үчүн бүт күчүңдү жумшай бер»,— деп айтып койгула. 18  Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жаздым.+ Кишенделип, түрмөдө отурганымды+ унутпагыла. Кудай силерге ырайымын төгө берсин.

Шилтемелер

Же: «ушул жагынан сергек болгула».
Сөзмө-сөз: «сатып алып».
Же: «мени жубатышты».