Корунттуктарга 1-кат 13:1—13
-
Эң маанилүүсү — сүйүү (1—13)
13 Эгер мен адамдар менен периштелердин тилинде сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү* болбосо, анда зың эткен жезден же каңгыраган жез табактан* эч айырмам жок.
2 Эгер менде пайгамбарлык кылуу* жөндөмү болсо, бардык ыйык сырларды билсем, керемет жолу менен билимге ээ болсом+ же ишенимим тоолорду ордунан жылдыра алгыдай күчтүү болсо, бирок менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин*.+
3 Эгер башкаларды тойгузуш үчүн бүт мүлкүмдү берсем+ же мактаныш үчүн өзүмдү курмандыкка чалсам, бирок сүйүүм болбосо,+ анын баары пайдасыз.
4 Сүйүү+ чыдамкай,+ боорукер.+ Сүйүү көрө албастык кылбайт*,+ мактанбайт, менменсинбейт,+
5 адепсиздик кылбайт*,+ өз кызыкчылыгын көздөбөйт,+ кыжырданбайт,+ таарынычтарды* эсептей бербейт.+
6 Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт,+ чындыкка кубанат.
7 Сүйүү баарын көтөрөт,+ баарына ишенет,+ баарына үмүттөнөт,+ баарына туруштук берет.+
8 Сүйүү эч качан жок болбойт*. Ал эми пайгамбарлык кылуу жөндөмдөрү, ар кандай тилдерде сүйлөө*, керемет жолу менен билимге ээ болуу сыяктуу Кудай берген жөндөмдөрдүн баары жок болот.
9 Анткени азыр билимибиз да,+ пайгамбарлык кылуу жөндөмүбүз да чектелүү.
10 Ал эми билимибиз толук болуп, майда-чүйдөсүнө чейин айтып пайгамбарлык кыла ала турган күн келгенде, билимибиз да, пайгамбарлык кылуу жөндөмүбүз да чектелүү болбой калат.
11 Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде болсо балага мүнөздүү адаттарды таштадым.
12 Азыр биз тунук көрсөтпөгөн күзгүдөн* бүдөмүк нерселерди көрүп жатабыз, кийин болсо аларды кимдир бирөөнү бетме-бет көргөндөй даана көрөбүз. Азыр Кудай жөнүндөгү билимим чектелүү, бирок келечекте мен аны, ал мени жакшы* билгендей, жакшы билип калам.
13 Ал эми үчөө: ишеним, үмүт, сүйүү кала берет. Бирок алардын эң маанилүүсү — сүйүү.+
Шилтемелер
^ Сыягы, бул Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүнү билдирет.
^ Бири-бирине кагыштырганда үн чыгарган эки жалпак жез табактан турган музыкалык аспап.
^ Бул өз ичине башкаларга Кудайдын кабарын айтууну, анын эркин ачып берүүнү же жарыялоону, кайсы бир нерсени алдын ала айтууну камтышы мүмкүн.
^ Же: «эч кандай пайдам жок».
^ Же: «кызганбайт».
^ Же: «ката-кемчиликтерди».
^ Же: «орой болбойт».
^ Же: «Сүйүү болсо, баары жакшы болот».
^ Б. а. кереметтин күчү менен башка тилдерде сүйлөө.
^ Сөзмө-сөз: «металл күзгүдөн». Байыркы убакта металл күзгүлөр колдонулчу.
^ Же: «толук».