Корунттуктарга 1-кат 3:1—23
3 Бир туугандарым, ошон үчүн силер менен Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар+ менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө албай, өз каалоолоруна жетеленген, Машаяктын жолундагы наристедей болгон адамдар+ менен сүйлөшкөндөй сүйлөшкөм.
2 Силерди катуу тамак менен эмес, сүт менен азыктандыргам, анткени катуу тамакты сиңире алмак эмессиңер. Азыр деле сиңире албайсыңар,+
3 себеби азыр да өз каалоолоруңарга жетеленип жашап жатасыңар.+ Көрө албастык кылып, чатакташып жатсаңар, анда өз каалоолоруңарга жетеленип,+ бул дүйнөдөгүлөрдөй эле жашап жаткан жоксуңарбы?
4 Бириңер: «Мен Пабылдын шакиртимин»,— десеңер, дагы бириңер: «Мен Аполостукумун»,+— деп жатсаңар, башкалардан эмне айырмаңар бар?
5 Аполос ким болуп калыптыр? Пабылчы? Биз Теңирибиз* тапшырган ишти аткарып, силерге Исанын жолдоочусу болгонго жардам берген кызматчылар+ элебиз.
6 Мен тиккем,+ Аполос сугарган,+ бирок Кудай өстүргөн.
7 Ошондуктан тиккен да, сугарган да эмес, өстүргөн Кудай даңкталышы керек.+
8 Тиккен менен сугаргандын кылган иши бир*, бирок ар бири өз эмгегине жараша сыйлык алат.+
9 Биз Кудайдын кызматташтарыбыз, силер болсо Кудайдын өзү иштетип жаткан талаасысыңар, куруп жаткан имаратысыңар.+
10 Кудай мага ырайым кылгандыктан, мен чебер куруучу* катары пайдубал тургуздум,+ ал эми башка бирөө анын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бир адам кандай куруп жатканына көңүл бурсун.
11 Себеби эч ким тургузулган пайдубалдан бөлөк пайдубал тургуза албайт. Ал пайдубал — Иса Машаяк.+
12 Ошол пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, күмүштөн, баалуу таштардан курса, башка бирөө жыгачтан, чөптөн, самандан курат.
13 Сынала турган күн келгенде, ар биринин иши айкын болот, анткени от кимдин иши кандай экенин айкын кылып коёт.+
14 Ошол пайдубалдын үстүнө кимдин курганы отко туруштук берсе, ал сыйлык алат.
15 Ал эми кимдики күйүп кетсе, өзү куткарылганы менен, чоң жоготууга учурайт. Куткарылган күндө да, оттон эптеп аман калган кишидей эле болот.
16 Өзүңөрдүн Кудайдын ибадатканасы экениңерди,+ силерде Кудайдын ыйык руху бар экенин билбейсиңерби?+
17 Ким Кудайдын ибадатканасын кыйратса, аны Кудай кыйратат, анткени анын ибадатканасы ыйык. Ошол ибадаткана силерсиңер.+
18 Эч ким өзүн өзү алдабасын: араңардан кимдир бирөө өзүн бул дүйнөдөгүлөрдүн көз карашы боюнча акылдуу эсептесе, ал акылсыз болсун. Ошондо Кудайдын көз алдында акылман болот.
19 Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгын Кудай акылсыздык деп эсептейт. Ыйык Жазмада: «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен өздөрүнүн торуна түшүрөт»,— деп жазылган.+
20 Ошондой эле: «Жахаба акылмандардын ойлору куру ойлор экенин билет»,— деп да жазылган.+
21 Ошондуктан эч ким кайсы бир адамды айтып мактанбасын, анткени Кудай бергендин баары силерге таандык.
22 Пабыл да, Аполос да, Кейфа да,+ дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да — баары силерге таандык.
23 Силер болсо Машаякка,+ ал эми Машаяк Кудайга таандык.
Шилтемелер
^ Же: «Мырзабыз». Грекче Кириос.
^ Же: «максаты бир».
^ Же: «курулуш ишинин акылдуу жетекчиси».