Корунттуктарга 2-кат 10:1—18
10 Араңарда жүргөндө байкуш,+ ал эми алыста жүргөндө эр жүрөк көрүнсөм да,+ мен, Пабыл, азыр силерге кайрылып жатып Машаяктай момун, жумшак болуп,+ силерден айткандарыма ылайык иш кылышыңарды өтүнөм.
2 Бизди адамдык көз караш боюнча иш кылышат деп эсептегендерге катуу чара көрбөшүм үчүн, силерге барганымча, алар оюн өзгөртөт деп үмүттөнөм.
3 Анткени биз башка адамдардай эле жашасак да, алардай болуп согушпайбыз.
4 Биздин согуш куралдарыбыз адамдардыкындай эмес,+ алар — чептерди талкалаш үчүн Кудай берген күчтүү куралдар.+
5 Биз Кудайды таанып-билгенге жолтоо болгон туура эмес түшүнүктөрдү жана бүт тоскоолдуктарды талкалайбыз,+ бардык ойлорду Машаякка баш ийдириш үчүн туткундайбыз.
6 Ошондой эле, силер толук баш иериңерди көрсөтөрүңөр менен, баш ийбегендердин баарын жазалаганга даяр турабыз.+
7 Силер бардык нерсеге сырткы көрүнүшү боюнча баа бересиңер. Эгер кимдир бирөө Машаяктын жолдоочусу экенине бекем ишенсе, дагы бир нерсени эске алсын: ал Машаяктын жолдоочусу болгондой эле, биз да Машаяктын жолдоочуларыбыз.
8 Мырзабыз бизге көңүлүңөрдү чөгөрүш үчүн эмес, дем-күч бериш үчүн бийлик берген.+ Ал бийлик менен ашыкча мактана турган болсом да, уятка калбайм.
9 Бирок силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.
10 Анткени айрымдар: «Каттары курч, күчтүү жазылганы менен, арабызда жүргөндө өзү алсыз, сөзү супсак»,— дешет экен.
11 Антип айткандардын эсинде болсун: көзүбүз жокто каттарыбызда эмне деп жазсак, барганыбызда да ошого жараша иш кылабыз.+
12 Биз өзүбүздү өзүн көтөргөндөргө теңегенге же алар менен салыштырганга батынбайбыз.+ Алар өздөрүнө өздөрү туура көргөндөй баа берип, өздөрүн бири-бирине салыштырып, акылсыздык кылып жатышат.+
13 Биз болсо өзүбүзгө белгиленген чектен сырткаркы нерселер менен мактанбайбыз, Кудай тапшырган иш* менен гана мактанабыз. Ал иш силерди да камтыйт.+
14 Чынында, силерге барганда биз Кудай белгилеп берген чектен чыккан эмеспиз, силерге Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды биринчилерден болуп биз жарыялаганбыз.+
15 Биз өзүбүзгө белгиленген чектен сырткаркы нерселер менен, тагыраак айтканда, башкалардын кылган эмгеги менен мактанбайбыз. Анын ордуна, ишенимиңер күчтүү болгон сайын, кылган ишибиз араңарда кулач жая берет деп үмүттөнөбүз. Ошонун аркасында кызмат кылган аймагыбыз кеңейип, дагы көп эмгектенебиз.
16 Себеби жакшы кабарды силерден ары жайгашкан жерлерге да жарыялайбыз. Ошентип, биз башкалардын өздөрүнүн аймагында кылган иштери менен мактанбайбыз.
17 «Ким мактанса, Жахаба менен мактансын».+
18 Анткени Жахабага өзүн өзү мактаган адам эмес,+ ал мактаган адам жагат.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «аймак».