Корунттуктарга 2-кат 13:1—14

  • Акыркы насааттар менен чакырыктар (1—14)

    • «Кудайга ишенгениңерге ылайык жашап жаткан-жатпаганыңарды текшерип тургула» (5)

    • Оңоло бергиле, бир ойдо болгула (11)

13  Ушуну менен силерге үчүнчү ирет барганы жатам. «Ар бир иш 2 же 3 күбөнүн сөзү менен ырасталсын».+ 2  Силерден алыс болсом да, азыркы сөздөрүмдү силерге экинчи жолу барганымдай көрүп кабыл алгыла. Мурун күнөө кылгандарга да, башкаларга да алдын ала эскертип коёюн: эгер кайра бара турган болсом, эч кимди аябайм. 3  Ошондо силерге мен аркылуу Машаяк сүйлөп жатканын көрөсүңөр. Ал араңарда алсыз эмес, күчтүү экенин көрсөтүп жатат. 4  Ооба, ал алсыз адам катары устунга кадалган, бирок Кудайдын күчүнүн аркасында азыр тирүү.+ Машаяк алсыз болгондой эле, биз да азыр алсызбыз, бирок кийин Кудайдын силерге таасир этип жаткан ошол эле күчүнүн+ аркасында Машаяк менен чогуу жашайбыз.+ 5  Кудайга ишенгениңерге ылайык жашап жаткан-жатпаганыңарды текшерип тургула, өзүңөрдүн кандай адам экениңерди да сынап тургула.+ Же Иса Машаяктын силер менен биримдикте экенин билбейсиңерби? Кудайга жакпай калбасаңар эле, ал мындан ары да силер менен биримдикте болот. 6  Биз болсо Кудайга жаккан кишилербиз, буга көзүңөр жетет деп үмүттөнөм. 7  Эч кандай жаман иш кылбасаңар экен деп, Кудайдан тиленип жатабыз. Анткени силердин жакшы иш кылышыңарды каалайбыз. Башкалар бизди Кудайга жаккан кишилер катары көрсө да, көрбөсө да, ошентишиңерди тилейбиз. 8  Биз Кудайдын окуусуна каршы эч нерсе кыла албайбыз, баарын анын таралышына шарт түзүш үчүн гана кылабыз. 9  Өзүбүз алсыз болуп, силер күчтүү болгон учурларда дайыма кубанабыз, оңолушуңарды Кудайдан тилейбиз. 10  Барганда Мырзабыз берген бийликти колдонуп катуу чара көрбөшүм үчүн, буларды силерден алыс жүргөндө жазып жатам. Себеби ал бийлик мага ишенимиңерди кыйратыш үчүн эмес, бекемдеш үчүн берилген.+ 11  Акырында айтарым, бир туугандарым, мындан ары да кубанып жүргүлө, оңоло бергиле, башкалар сооротуп-жубатканда, кабыл ала билгиле,+ бир ойдо болгула,+ тынчтыкта жашагыла.+ Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын Кудайы+ силер менен болот. 12  Бири-бириңер менен өбүшүп учурашкыла. 13  Боордошторубуздун* бардыгы силерге салам айтып жатышат. 14  Баарыңар Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымына, Кудайдын сүйүүсүнө бөлөнүп, анын ыйык рухунун таасирин сезе бергиле.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Ыйыктардын». Сөздүктү кара.