Корунттуктарга 2-кат 2:1—17
2 Мен эмки жолу барганда силерди капалантпайын деп чечтим.
2 Анткени мени кубанта турган силерди капалантсам, анда мени ким кубантат?
3 Барганымда силердин айыңардан капаланбай, кубангым келет, ошон үчүн алдын ала кат жазгам. Мени кубанткан нерсе силерди да кубантарына толук ишенем.
4 Катымды силерди капа кылыш үчүн эмес,+ аябай жакшы көрөрүмдү көрсөтүш үчүн жазгам. Аны кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жазгам.
5 Эгер кимдир бирөө мени капаланткан болсо,+ катуу айткандай болбоюн, ал мени эмес, кандайдыр бир деңгээлде баарыңарды капалантты.
6 Андай кишинин көпчүлүк тараптан ашкереленгени жетиштүү болду.
7 Ошондуктан эми, кайгыга чөгүп кетпеши үчүн,+ аны чын жүрөктөн кечирип, сооротуп-жубаткыла.+
8 Ал жакшы көрөрүңөрдү сезгидей болсун, силерди ушуга үндөйм.+
9 Мен силерге көрсөтмөлөрдүн баарына баш ийип жаткан-жатпаганыңарды билиш үчүн да жазган болчумун.
10 Кимдир бирөөнүн жаңылыштыгын кечирсеңер, аны мен да кечирем. Ал эми мен эмнени кечирсем (эгер кечиришим керек болгон нерсе болгон болсо), аны силердин пайдаңар үчүн кечиргем, буга Машаяк күбө.
11 Аны Шайтан бизди алдап кетпеши үчүн кечиргем.+ Себеби анын айла-амалдарын* жакшы билебиз.+
12 Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаш үчүн Троаска барганымда,+ ал жакта Мырзабыз Исанын ишин аткарганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн*.
13 Бирок бир тууганым Титти+ таппай койгондуктан, жүрөгүм түпөйүл боло берди. Ошондуктан ал жактагы шакирттер менен коштошуп, Македонияга+ кеттим.
14 Кудайга алкыш! Анткени ал бизди Машаяк менен бирге дайыма жеңиш жүрүшүндө жетектеп жүрөт жана өзү жөнүндөгү жыпар жыты аңкыган билимди биз аркылуу бардык жерде таратып жатат.
15 Себеби Машаяк жөнүндөгү кабарды жарыялагандар катары биз Кудай үчүн жыпар жыттайбыз. Ал жыпар жыт куткарыла тургандарга да, өлүмгө дуушар боло тургандарга да жетип жатат.
16 Биз өлүмгө дуушар боло тургандар үчүн өлүмгө алпарган өлүм жыты болсок,+ куткарыла тургандар үчүн өмүргө алпарган өмүр жытыбыз. Мындай кызматка ким жарактуу?
17 Биз. Анткени көптөргө окшоп Кудайдын сөзүн+ сатып пайда көрбөйбүз. Биз Машаяктын шакирттери жана Кудай жиберген адамдар катары Кудайдын алдында жакшы кабарды* чын жүрөктөн айтабыз.