Корунттуктарга 2-кат 4:1—18

  • Жакшы кабардын жарыгы (1—6)

    • Ишенбегендердин акылы сокур (4)

  • Чопо идиштердеги кенч (7—18)

4  Кудай бизге ырайым кылып, ушундай кызматка дайындагандыктан, багынбайбыз. 2  Уятка калтыра турган жашыруун иштерди четке кагабыз, кууланбайбыз же Кудайдын сөзүн бурмалабайбыз.+ Кудайдын сөзүн кандай болсо, ошондой жарыялап, анын алдында өзүбүздү бардык адамдарга* жаккыдай алып жүрөбүз.+ 3  Эгер биз жарыялаган жакшы кабар жабуу менен жабылган болсо, ал жок боло тургандар үчүн жабылган. 4  Себеби Кудайга окшош болгон Машаяк+ жөнүндөгү кереметтүү жакшы кабардын жарыгы+ тийбеши үчүн, бул дүйнөнүн* кудайы+ ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон.+ 5  Биз өзүбүз жөнүндө жарыялап жаткан жокпуз. Машаяк Исанын Мырзабыз экенин, ал эми өзүбүздүн Иса үчүн силердин кулуңар экенибизди жарыялап жатабыз. 6  Себеби: «Караңгылыкта жарык жаркырасын»,— деген Кудай+ өзү жөнүндөгү даңктуу билимдин жарыгын Машаяк* аркылуу жүрөгүбүзгө чачты.+ 7  Чопо идиштей* болсок да,+ Кудай бизге кенчтей болгон ушул кызматты тапшырган.+ Ошонун аркасында бизде адаттан тышкаркы күч бар экени, ал күч биздики эмес, Кудайдыкы экени айкын көрүнүп турат.+ 8  Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз*.+ 9  Куугунтукталып жатсак да, Кудай бизди таштаган жок;+ ур-токмокко алынсак да*, жок кылынган жокпуз.+ 10  Каякта жүрбөйлү, дайыма Исага окшоп өлүм менен беттешип келебиз.+ Ошондон улам башкалар биздин Исадай болуп азап тартып жатканыбызды көрүшөт. 11  Тирүү жүрсөк да, Исанын жолун жолдогонубуз үчүн өмүрүбүз дайыма кылдын учунда турат.+ Ошондон улам башкалар биздин Исадай болуп азап тартып жатканыбызды көрүшөт. 12  Ошентип, биз өлүмгө баш байлап жатабыз, силер болсо өмүргө ээ болуп жатасыңар. 13  Ыйык Жазмада: «Мен Кудайга ишенгендиктен сүйлөгөм»,— деп жазылгандай,+ биз да Кудайга ишенгендиктен сүйлөп жатабыз. 14  Анткени Исаны тирилткен Кудай бизди да ошондой кылып тирилтип, анын алдына силер менен чогуу алып барарын билебиз.+ 15  Кудай ырайымын дагы көп адамдарга төгүшү үчүн, ушунун баары силердин пайдаңар үчүн болду. Себеби көптөрдүн Кудайга ыраазычылык билдирип, аны даңктаганынын аркасында ал ырайымын мурдагыдан да мол төгөт.+ 16  Ошондуктан биз багынбайбыз. Сыртыбыз көөнөрүп баратса да, ички дүйнөбүз күндөн күнгө жаңыланып келет. 17  Себеби кыйынчылыктарыбыз убактылуу жана анча деле чоң эмес, бирок бизди эч нерсеге тең келбеген түбөлүктүү сыйлыкка жеткирет.+ 18  Мына ошон үчүн биз ар дайым көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көрүнбөгөн нерселерге көңүл топтойбуз.+ Анткени көрүнгөн нерселер убактылуу, ал эми көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «адамдардын абийирине».
Сөзмө-сөз: «Машаяктын жүзү».
Же: «Чопо кумарадай».
Же балким: «ындыныбызды өчүргөн жокпуз».
Же: «бүк түшүрүшсө да».