Корунттуктарга 2-кат 9:1—15
9 Ал эми бир туугандарыбызга*+ кызмат кылуу жөнүндө силерге жазыштын кажети жок деп ойлойм.
2 Себеби силердин жардам бергенге даяр экениңерди билем. Ошон үчүн македониялыктарга силердин, Ахаядагылардын, бир жылдан бери жардам бергенге даяр турганыңарды айтып мактанып жүрөм. Башкаларга жардам бергенге чын жүрөктөн аракет кылып жатканыңар алардын көбүнө ошенткенге түрткү берип жатат.
3 Мактанганыбыз куру сөз болуп калбашы үчүн жана мен аларга айткандай, чындап даяр турушуңар үчүн, силерге бир туугандарыбызды жөнөтүп жатам.
4 Болбосо македониялыктар кокус мени менен барып калып, даяр эмес экениңерди көрсө, силерге ишенип жүргөнүбүз үчүн уят болуп калабыз, силер болсо андан бетер уят болосуңар.
5 Ошондуктан бир туугандарыбызды эртерээк барганга үндөйүн дедим. Ошондо барганыбызда тартууңар даяр болуп, биз мажбурлагандыктан эмес, марттыгыңардан улам берип жатканыңар көрүнөт.
6 Буга байланыштуу айтарым, аз сепкен аз жыйнайт, ал эми көп сепкен көп жыйнайт.+
7 Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын,+ анткени Кудай чын көңүлдөн бергендерди жакшы көрөт.+
8 Андан тышкары, дайыма зарыл нерселерден кем болбой, жакшы иштерди кылганга керектүүнүн баары мол болушу үчүн, Кудай силерге ырайымын мол төккөнгө кудуреттүү.+
9 (Ыйык Жазмада: «Ал колундагысын марттык менен бөлүшөт, жакырларга берет. Анын адилдиги түбөлүктүү»,— деп жазылган.+
10 Ал эми сепкенге үрөндү, жегенге нанды мол берген Кудай силерге сепкенге мол үрөн берет, ал адил иштериңердин мол түшүмүн оруп алганга жардам берет.)
11 Бардык жагынан март болушуңар үчүн, Кудай баарын мол берип жатат. Силердин тартууңарды таратып бергенибиздин аркасында башкалар Кудайга ыраазычылык билдиргенге түрткү алышат.
12 Анткени боордошторуңарга* көрсөткөн бул жардамыңар алардын кем-карчын толуктагандан тышкары,+ көптөрдүн Кудайга ыраазычылык билдиришине шарт түзөт.
13 Алар бул ишиңерден Машаяк жөнүндө айтып жүргөн жакшы кабарга ылайык иш кылып жатканыңарды, аларга жана башка адамдардын баарына марттык менен жардам берип жатканыңарды көрүп, Кудайды даңкташат.+
14 Кудай силерге ырайымын төккөндүктөн, алар силерди жакшы көрүп, силер үчүн ага жалынып-жалбарышат.
15 Сөз менен айтып жеткире алгыс белеги үчүн Кудайга алкыш!