Лебилер 1:1—17

  • Бүтүндөй өрттөлчү курмандык (1—17)

1  Андан кийин Жахаба* Мусаны чакырып, жолугушуу чатырынан+ мындай деди: 2  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Араңардан кимдир бирөө Жахабага тартуу катары мал алып келгиси келсе, бодо же майда малдан алып келсин.+ 3  Эгерде бодо малдан бүтүндөй өрттөлчү курмандык алып келе турган болсо, кемтиги жок эркек мал алып келсин.+ Аны жолугушуу чатырынын кире беришине, Жахабанын алдына өз ыктыяры менен алып келсин.+ 4  Анан бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалынчу ошол малдын башына колун койсун. Ошондо күнөөлөрү кечирилиши үчүн, алып келген курмандыгы кабыл алынат. 5  Андан соң ошол букачарды Жахабанын алдында союшат. Дин кызматчылар,+ Арундун уулдары, анын канын Кудайга тартуулап, жолугушуу чатырынын кире беришиндеги курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат.+ 6  Анан терисин сыйрып, этин бөлүшөт.+ 7  Арундун уулдары курмандык жайына чок салып,+ үстүнө отундарды коюшат. 8  Андан кийин малдын бөлүнгөн этин,+ башы менен майын* курмандык жайында күйүп жаткан отундардын үстүнө коюшат. 9  Ичеги-карыны менен шыйрактарын болсо сууга жуушат. Анан дин кызматчы алардын бардыгын бүтүндөй өрттөлчү курмандык катары, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу катары, курмандык жайында өрттөйт.+ 10  Эгерде бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка майда малдан+ — жаш кочкор же улак — алып келе турган болсо, ал кемтиги жок эркек мал болсун.+ 11  Аны Жахабанын алдында курмандык жайынын түндүк тарабында союш керек. Арундун уулдары, дин кызматчылар, анын канын курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат.+ 12  Этин бөлгөндөн кийин дин кызматчы бардык этти башы, майы* менен кошо курмандык жайында күйүп жаткан отундардын үстүнө коёт. 13  Ичеги-карыны менен шыйрактарын болсо сууга жууйт. Андан кийин дин кызматчы алардын бардыгын курмандык жайында өрттөйт. Бул — бүтүндөй өрттөлчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу. 14  Эгерде Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка канаттуулардан алып келе турган болсо, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.+ 15  Дин кызматчы аны курмандык жайына алып келип, каны аккыдай кылып мойнун бурап, курмандык жайында өрттөсүн. Каны болсо курмандык жайынын капталына агызылсын. 16  Жемсөөсү менен жүнүн курмандык жайынын жанына, чыгыш тарабына, күл*+ төгүлгөн жерге таштасын. 17  Тулкусун эки канатынын ортосунан кичине ажыратып койсун, бирок экиге бөлбөсүн. Дин кызматчы аны курмандык жайындагы отундардын үстүнө коюп өрттөйт. Бул — бүтүндөй өрттөлчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлчү тартуу.

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «бөйрөк майын».
Же: «бөйрөк майы».
Же: «май сиңген күл». Б. а. курмандыкка чалынган малдын майы сиңген күл.