Лебилер 11:1—47

  • Адал жана арам жаныбарлар (1—47)

11  Жахаба Муса менен Арунга мындай деди: 2  «Ысрайыл элине мындай деп айткыла: „Жер бетиндеги жаныбарлардын ичинен буларды жесеңер болот:+ 3  ача туяктуу, ачасы терең, кепшеген жаныбарлардын баарын жесеңер болот. 4  Кепшеген же ача туяктуу жаныбарлардын ичинен буларды гана жебегиле: төөнү, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам;+ 5  тоо даманын,+ анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам; 6  коёнду, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес, ал силер үчүн арам; 7  чочкону,+ анткени анын туягынын ачасы терең болгону менен, кепшебейт, ал силер үчүн арам. 8  Булардын этин жебегиле, өлүгүнө да тийбегиле, булар силер үчүн арам.+ 9  Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыгы бар жаныбарлардын баарын жесеңер болот. Алар деңизде жашайбы же дарыядабы, жей берсеңер болот.+ 10  Ал эми деңиздер менен дарыялардагы быкылдаган майда жаныбарлардын, сууда жашаган башка ар кандай жандыктардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыгы жокторунун баары силер үчүн жийиркеничтүү болсун. 11  Алардан жийиркенишиңер керек. Этин жебегиле,+ өлүгүнөн жийиркенгиле. 12  Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыгы жокторунун баары силер үчүн жийиркеничтүү болсун. 13  Канаттуулардын ичинен жийиркенишиңер керек болгон, жегенге болбой тургандары булар: бүркүт,+ бакачы, кара жору,+ 14  кызыл айры куйрук, кара айры куйрук жана анын бардык түрлөрү, 15  кузгундун бардык түрлөрү, 16  төө куш, үкү, чардак, шумкар жана анын бардык түрлөрү, 17  бабырган, кара каз, кулактуу үкү, 18  ак куу, биргазан, жору, 19  илегилек, кытан жана анын бардык түрлөрү, үпүп, жарганат. 20  Төрт буту, канаттары бар быжыраган жандыктардын* баары силер үчүн жийиркеничтүү болсун. 21  Төрт буту, канаттары бар быжыраган жандыктардын ичинен секирип жүрүш үчүн кошумча эки узун буту бар жандыктарды гана жесеңер болот. 22  Алардын ичинен келгин чегирткенин, жесе боло турган башка чегирткелердин,+ кара чегирткенин, кадимки чегирткенин ар кандай түрлөрүн жесеңер болот. 23  Ал эми төрт буту, канаттары бар быжыраган башка жандыктардын баары силер үчүн жийиркеничтүү болсун. 24  Алардын айынан таза эмес болуп каласыңар. Ким алардын өлүгүнө тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.+ 25  Ким алардын өлүгүн кармаса, кийимин жуусун,+ ал кечке чейин таза эмес болот. 26  Ача туяктуу, бирок ачасы терең эмес, кепшебеген жаныбарлардын баары силер үчүн арам. Ким аларга тийсе, таза эмес болуп калат.+ 27  Төрт аяктуу тирүү жандыктардын ичинен туягы жок, таманы менен баскандары силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийсе, кечке чейин таза эмес болот. 28  Ким алардын өлүгүн кармаса, кийимин жуусун,+ ал кечке чейин таза эмес болот.+ Алар силер үчүн арам. 29  Жер бетиндеги быжыраган жандыктардын ичинен силер үчүн булар арам: көр чычкан, чычкан,+ кескелдирик жана анын бардык түрлөрү, 30  геккон кескелдириги, ири кескелдирик, тритон, кум кескелдириги, хамелеон. 31  Быжыраган ушул жандыктар силер үчүн арам.+ Ким алардын өлүгүнө тийсе, кечке чейин таза эмес болот.+ 32  Алардын өлүгү кайсы бир нерсеге: жыгач идишкеби, кийимгеби, теригеби же таар кездемегеби, түшүп калса, ал таза эмес болуп калат. Андай буюм эмнеге колдонулбасын, аны сууга салып коюш керек. Ал кечке чейин таза эмес болот, андан кийин таза болот. 33  Эгер алардын өлүгү чопо идишке түшүп калса, талкалап салгыла. Анын ичиндегинин баары таза эмес болуп калат.+ 34  Андай идиштеги суу кайсы бир тамакка чачырап кетсе, ал таза эмес болуп калат. Андай идиштеги суусундук да таза эмес болуп калат. 35  Алардын өлүгү бир нерсенин үстүнө түшүп калса, ал таза эмес болуп калат. Меш болобу, очок сыяктуу нерсе болобу, аны талкалап салыш керек. Алар таза эмес, аларды кайра колдонбошуңар керек. 36  Эгер алардын өлүгү булакка же суу сакталчу чуңкурдагы сууга түшүп кетсе, андагы суу таза бойдон калат. Бирок өлүктү чыгарган киши таза эмес болуп калат. 37  Эгер алардын өлүгү себиле турган үрөндүн үстүнө түшүп калса, үрөн таза бойдон калат. 38  Бирок алардын өлүгүнөн бир нерсе сууга чыланган үрөнгө түшүп калса, ал үрөн силер үчүн таза эмес болот. 39  Эгер этин жесе боло турган жаныбар өлүп калса, анын өлүгүнө тийген киши кечке чейин таза эмес болот.+ 40  Ким андай жаныбардын этин жесе, кийимин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.+ Ким анын өлүгүн бир жерден экинчи жерге алып барса, кийимин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. 41  Жер бетиндеги быжыраган майда жандыктардын баары жийиркеничтүү.+ Аларды жебеш керек. 42  Сойлоп жүргөн же төрт буту бар жандыктардын, же көп буту бар быжыраган майда жандыктардын эч бирин жебегиле, алар жийиркеничтүү.+ 43  Быжыраган майда жандыктардын кайсы биринин айынан жийиркеничтүү, арам, таза эмес болуп калбагыла.+ 44  Анткени мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын.+ Өзүңөрдү таза сактап, ыйык болгула,+ себеби мен ыйыкмын.+ Жер бетиндеги быжыраган майда жандыктардын кайсы биринин айынан таза эмес болуп калбагыла. 45  Анткени мен силердин Кудайыңар болуш үчүн силерди Мисир* жеринен алып чыккан Жахабамын.+ Мен ыйык болгондуктан,+ силер да ыйык болгула.+ 46  Жаныбарлар, канаттуулар, сууда жашаган ар кандай жандыктар, жер жайнаган ар кыл майда жандыктар жөнүндөгү мыйзам ушундай. 47  Бул мыйзам силерге тазаны таза эместен, этин жесе боло турган жаныбарды этин жесе болбой турган жаныбардан айырмалап билишиңер үчүн берилди“».+

Шилтемелер

Же: «курт-кумурсканын».
Египет.