Лебилер 12:1—8
-
Төрөттөн кийинки тазалануу (1—8)
12 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Эгер аялдын боюна бүтүп, уул төрөсө, айызы келип жаткан убагындагыдай эле 7 күн таза эмес болот.+
3 Сегизинчи күнү баласы сүннөткө отургузулсун.+
4 Аял канынан дагы 33 күн тазаланат. Тазалана турган күндөрү бүткүчө, эч бир ыйык нерсеге тийбесин, ыйык жерге кирбесин.
5 Эгер кыз төрөсө, анда 14 күн таза эмес болот. Ал айызы келип жаткан убагындагыдай эле таза эмес болот. Канынан дагы 66 күн тазаланат.
6 Уулун же кызын төрөгөндөн кийин тазалануу күндөрү бүткөндө, дин кызматчыга, жолугушуу чатырынын кире беришине бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка бир жашка чейинки эркек козу,+ күнөө үчүн курмандыкка жаш көгүчкөн же бактек алып келсин.
7 Дин кызматчы аларды Жахабанын алдына алып барып, аялды күнөөдөн арылтат, ошондо аял аккан канынан тазаланат. Бул — эркек же кыз төрөгөн аял жөнүндөгү мыйзам.
8 Эгер анын мал алып келгенге шарты жок болсо, анда эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин:+ бирин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка, экинчисин күнөө үчүн курмандыкка алып келсин. Дин кызматчы аны күнөөдөн арылтат, ал таза болот“».