Лебилер 14:1—57
14 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Пес оорулуу киши таза деп жарыяланышы үчүн, аны дин кызматчыга алып барган күнү аткарылышы керек болгон мыйзам мындай:+
3 дин кызматчы конуштун сыртына чыгып, пес оорулууну карап көрөт. Эгер пес оорусу айыкса,
4 ага тазаланышы үчүн эки тирүү адал канаттууну, бал карагайдын бутагын, ачык кызыл жип менен бир тутам иссоп өсүмдүгүн+ алып келиши керектигин буйруйт.
5 Дин кызматчы бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин үстүндө өлтүрүүнү буйрук кылат.
6 Анан ал тирүү канаттууну, бал карагайдын бутагын, ачык кызыл түстөгү жипти, иссопту алып, баарын чогуу чопо идиштеги суунун үстүндө өлтүрүлгөн канаттуунун канына малат да,
7 пес оорусунан тазаланып жаткан кишиге 7 жолу чачыратып, аны таза деп жарыялайт. Анан тирүү канаттууну талаага коё берет.+
8 Тазаланып жаткан киши кийимин жууп, чачын, денесиндеги түгүнүн баарын кырып, сууга жуунат, ошондо таза болот. Ошондон кийин конушка кирсе болот. Бирок 7 күн чатырынын сыртында жашашы керек.
9 Жетинчи күнү бүт чачын, сакал-мурутун, кашын кырышы керек. Андан кийин денесиндеги түгүнүн баарын кырып, кийимин жууп, сууга жуунат, ошондо таза болот.
10 Сегизинчи күнү болсо кемтиги жок эки жаш кочкор, бир жашка чейинки кемтиги жок бир ургаачы козу,+ дан азыктарынан алынып келген тартуу+ катары май аралашкан эң жакшы ундан үч жарым килограммдай*, 300 граммдай* май алып келет.+
11 Аны таза деп жарыялай турган дин кызматчы анын өзүн да, тартуусун да Жахабанын алдына, жолугушуу чатырынын кире беришине алып барат.
12 Анан дин кызматчы жаш кочкорлордун бирин 300 граммдай май менен кошо айып үчүн курмандыкка+ алып келет да, Жахабанын алдында чайпалта турган курмандык катары ары-бери чайпайт.+
13 Жаш кочкорду ыйык чатырдын короосунда, күнөө үчүн курмандыкка жана бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка алынып келген мал союлчу жерде, соёт.+ Айып үчүн чалынган курмандык күнөө үчүн чалынган курмандыктай эле дин кызматчыныкы болот.+ Ал абдан ыйык.+
14 Дин кызматчы айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазаланып жаткан кишинин оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөйт.
15 Анан 300 граммдай майдан+ бир аз алып, өзүнүн сол колунун алаканына куят.
16 Оң колунун манжасын сол колундагы майга малып, Жахабанын алдында 7 жолу чачыратат.
17 Андан кийин колундагы калган майдан алып, тазаланып жаткан кишинин оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөлгөн айып курмандыгынын канынын үстүнө сүйкөйт.
18 Калганын тазаланып жаткан кишинин башына сүйкөп, аны Жахабанын алдында күнөөсүнөн арылтат.+
19 Дин кызматчы күнөө үчүн курмандык чалып,+ тазаланып жаткан кишини күнөөдөн арылтат, андан кийин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка алынып келген малды соёт.
20 Анан бүтүндөй өрттөлчү курмандык менен дан азыктарынан алынып келген тартууну+ курмандык жайында өрттөп, тазаланып жаткан кишини күнөөдөн арылтат,+ ошондо ал таза болот.+
21 Эгер ал жарды болгондуктан, андай курмандык алып келгенге шарты жок болсо, күнөөдөн арылыш үчүн айып курмандыгына бир жаш кочкор алып келип, аны чайпалта турган курмандык катары берсин. Дан азыктарынан алынып келген тартуу катары май аралашкан бир килограммдай эң жакшы ун, 300 граммдай май,
22 ошондой эле шартына жараша эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин: бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка алып келсин.+
23 Сегизинчи күнү+ таза деп жарыяланышы үчүн аларды Жахабанын алдына, жолугушуу чатырынын кире беришине алып келип, дин кызматчыга берсин.+
24 Дин кызматчы айып үчүн курмандыкка алынып келген жаш кочкорду,+ 300 граммдай майды алып, чайпалта турган курмандык катары Жахабанын алдында ары-бери чайпайт.+
25 Ал жаш кочкорду союп, канынан бир аз алып, тазаланып жаткан кишинин оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөйт.+
26 Анан дин кызматчы сол колунун алаканына майдан куюп,+
27 ага оң колунун манжасын малып, Жахабанын алдында 7 жолу чачыратат.
28 Андан кийин колундагы калган майдан алып, тазаланып жаткан кишинин оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөлгөн айып курмандыгынын канынын үстүнө сүйкөйт.
29 Калганын Жахабанын алдында күнөөсүнөн арылтыш үчүн тазаланып жаткан кишинин башына сүйкөйт.
30 Анан дин кызматчы тазаланып жаткан киши шартына жараша алып келген эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалат.+
31 Ал алардын бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка+ дан азыктарынан алынып келген тартууну кошуп чалат. Ошентип, дин кызматчы тазаланып жаткан кишини Жахабанын алдында күнөөдөн арылтат.+
32 Бул — пес оорусу менен ооруган жана таза деп жарыяланышы үчүн керектүү нерселерди алып келгенге шарты жок киши жөнүндөгү мыйзам».
33 Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди:
34 «Мен силерге ээлик кылганга берип жаткан+ Канаан+ жерине барганыңардан кийин, мен жол бергендиктен, кайсы бир үйдө пес оорусу пайда болсо,+
35 үйдүн ээси дин кызматчыга барып: „Үйүмдүн дубалында пес оорусуна окшогон бир нерсе пайда болуптур“,— деп айтсын.
36 Үйдөгү нерсенин баарын таза эмес деп жарыялап салбаш үчүн дин кызматчы үйдү карап көрөрдөн мурун ичиндеги бардык нерсени сыртка алып чыгууну буйрук кылат. Андан кийин үйдү карап чыгыш үчүн ичине кирет.
37 Үйдүн дубалындагы тактар саргыч-жашыл же кызгылт түстө болсо, тереңдеп бараткандай көрүнсө,
38 дин кызматчы сыртка чыгып, үйдү 7 күнгө жаап коёт.+
39 Жетинчи күнү дин кызматчы келип, үйдү кайра карап көрөт. Эгер тактар үйдүн дубалына жайылып кетсе,
40 дубалдын тактары бар таштарын чыгарып, шаардын сыртындагы таза эмес нерселер ташталган жерге алып барып таштагыла деп буйрук кылат.
41 Ошондой эле үйдүн ички шыбагын бүт кырып, кырындыларын шаардын сыртындагы таза эмес нерселер ташталган жерге алып барып таштагыла деп айтат.
42 Чыгарылган таштардын ордуна башка таштар коюлат. Анан дин кызматчы жаңы ылай жасап, үйдү кайрадан шыбап чыгууну буйрук кылат.
43 Эгер үйдүн тактары бар таштарын чыгарып, эски шыбагын кырып, кайрадан шыбагандан кийин, тактар кайра пайда болсо,
44 дин кызматчы келип, кайра карап көрөт. Эгер тактар үйгө жайылып кетсе, анда ал — жугуштуу, коркунучтуу пес оорусу.+ Ал үй таза эмес.
45 Дин кызматчы үйдү бузуп, таштарын, жыгачтарын, бүт шыбагын шаардын сыртындагы таза эмес нерселер ташталган жерге алып барып таштагыла деп буйрук кылат.+
46 Кимдир бирөө ал үйгө эч ким кирбеши керек болгон күндөрү кирсе,+ кечке чейин таза эмес болот.+
47 Ошондой эле ким ал үйгө жатса же ичинде тамактанса, кийимин жуусун.
48 Эгер дин кызматчы келип, үйдү карап көргөндө, үй шыбалгандан кийин, так жайылбаган болсо, үйдү таза деп жарыялайт, себеби так кетип калган болот.
49 Үйдү тазалоо расмисин кылыш үчүн дин кызматчы эки канаттууну, бал карагайдын бутагын, ачык кызыл жипти, иссоп өсүмдүгүн+ алат.
50 Анан бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин үстүндө өлтүрөт.
51 Ал бал карагайдын бутагын, иссопту, ачык кызыл жипти, тирүү канаттууну алып, чопо идиштеги суунун үстүндө өлтүрүлгөн канаттуунун канына малып, үй жакка 7 жолу чачыратат.+
52 Үйдү канаттуунун каны, чопо идиштеги суу, тирүү канаттуу, бал карагайдын бутагы, иссоп, ачык кызыл жип менен ошентип тазалагандан кийин
53 тирүү канаттууну шаардын сыртына, талаага учуруп жиберет. Ошентип, үйдү тазалоо расмисин кылгандан кийин, үй таза болуп калат.
54 Пес оорусунун ар кандай түрү, чачтын же сакалдын арасына чыккан жара+
55 кийимде+ же үйдө+ пайда болгон пес оорусу,
56 шишик, карт жана тактар жөнүндөгү мыйзам ушундай.+
57 Бул мыйзам бир нерсенин качан таза болорун, качан таза эмес болорун аныкташ үчүн берилди.+ Бул — пес оорусу жөнүндөгү мыйзам».+
Шилтемелер
^ Же: «эйфанын ондон үч бөлүгүн». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «1 лог». Б14 тиркемесин кара.