Лебилер 15:1—33
-
Жыныстык мүчөдөн аккан илээшме зат (1—33)
15 Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл элине мындай дегиле: „Эгерде эркектин жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акса, ал киши таза эмес болуп эсептелет.+
3 Андай зат жыныстык мүчөсүнөн агабы же ошонун айынан жыныстык мүчөсү бүтөлүп калабы, ал таза эмес болот.
4 Ал киши жаткан төшөк да, отурган нерсе да таза эмес болот.
5 Ким анын төшөгүнө тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.+
6 Ким ал отурган нерсеге отурса, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
7 Ким ал кишиге тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
8 Эгер жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан киши таза кишиге түкүрсө, анда таза киши кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
9 Ал киши отурган ээр да таза эмес болот.
10 Ким ал отурган нерсеге тийсе, кечке чейин таза эмес болот. Ошондой эле ким ал отурган нерсени көтөрсө, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
11 Эгер жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан киши+ колун жуубай туруп кимдир бирөөгө тийсе, ал киши кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
12 Жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан киши тийген чопо идишти талкалаш керек, ал эми жыгач идишти сууга жууш керек.+
13 Эгер анын жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акпай калса, анысы токтогондон 7 күн өткөндөн кийин, кийимин жуусун, агын суу менен денесин жуусун, ошондо таза болот.+
14 Сегизинчи күнү болсо эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып,+ Жахабанын алдына, жолугушуу чатырынын кире беришине барып, дин кызматчыга берсин.
15 Дин кызматчы алардын бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалып, аны Жахабанын алдында күнөөдөн арылтып, арамдаган нерсесинен тазалайт.
16 Эгер эркектин уругу акса, бүт денесин жуусун. Ал кечке чейин таза эмес болот.+
17 Ал уругу агып калган кийимди да, булгаарыдан жасалган буюмду да сууга жуушу керек. Алар кечке чейин таза эмес болот.
18 Эгер эркек аял менен жатканда уругун агызса, экөө тең жуунсун. Алар кечке чейин таза эмес болот.+
19 Эгерде аялдын айызы келип жатса, 7 күн таза эмес болот.+ Ким ага тийсе, кечке чейин таза эмес болот.+
20 Ал айызы келип жаткан убакта эмненин үстүнө жатса же отурса, алардын баары таза эмес болот.+
21 Ким анын төшөгүнө тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
22 Ким ал отурган нерсеге тийсе, кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.
23 Ким ал аял жаткан төшөккө же отурган нерсеге тийсе, кечке чейин таза эмес болот.+
24 Эгер эркек аял менен жатып, анын айызынан улам булганып калса,+ 7 күн таза эмес болот. Ал жаткан төшөктүн баары таза эмес болот.
25 Эгер аялдын денесинен айызы келип жаткан убакта эмес,+ башка убакта көп күн кан акса+ же анысы айызы келген убагына караганда узагыраак созулса, ошол күндөрдүн баарында айызы келген күндөрүндөй эле таза эмес болот.
26 Кан агып жаткан күндөрү ал жаткан төшөк+ же отурган нерсе, айызы келип жаткан убактагыдай эле, таза эмес болот.
27 Ким аларга тийсе, таза эмес болот. Ал кийимин жуусун, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот.+
28 Эгер ал аялдын денесинен кан акпай калса, токтогондон баштап 7 күн эсептесин. 7 күн өткөндөн кийин таза болот.+
29 Сегизинчи күнү эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып,+ жолугушуу чатырынын кире беришине, дин кызматчыга алып барсын.+
30 Дин кызматчы алардын бирин күнөө үчүн курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалып, аны Жахабанын алдында күнөөдөн арылтып, арамдаган нерсесинен тазалайт.+
31 Ысрайыл эли таза болушу үчүн, өздөрүнүн арасындагы ыйык чатырымды булгап, өлүп калбашы үчүн, ушундайча аларды арам нерселерден таза сактагыла.+
32 Бул — жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан же уругу агып,+ таза эмес болуп калган эркек жана
33 айызы келип,+ таза эмес болуп калган аял жөнүндөгү, денесинен бир нерсе аккан+ эркек же аял жөнүндөгү, ошондой эле таза эмес аял менен жаткан эркек жөнүндөгү мыйзам“».