Лебилер 17:1—16
17 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Арунга, анын уулдарына жана бүт ысрайыл элине мындай деп айт: „Жахаба мындай деп буйрук кылат:
3 “Ысрайыл элинин арасынан эч ким конуштун ичинде же сыртында бука же жаш кочкор, же теке сойбосун.
4 Анын ордуна, аны Жахабанын ыйык чатырынын, жолугушуу чатырынын, алдында Жахабага арналган тартуу катары бериш үчүн анын кире беришине алып келсин. Эгер аны конуштун ичинде же сыртында соё турган болсо, кан төккөнү үчүн күнөөлүү болот. Кан төккөндүктөн ал элинин арасынан жок кылынсын.
5 Анткени ысрайыл эли малын мындан ары талаада курмандыкка чалбай, аны Жахабага, жолугушуу чатырынын кире беришине, дин кызматчыга алып келиши керек. Аны Жахабага арналган тынчтык курмандыгы катары чалышы керек.+
6 Дин кызматчы анын канын жолугушуу чатырынын кире беришиндеги Жахабанын курмандык жайына чачыратып, майын Жахабага арналган жыты жагымдуу тартуу катары өрттөйт.+
7 Мындан ары алар теке сымал жиндерге*+ курмандыктарды чалып, аларга сыйынбасын*.+ Бул — өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө аткарышыңар керек болгон көрсөтмө”“.
8 Сен аларга мындай деп айт: „Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же араңарда жашаган бөтөн жерлик бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка же башка курмандыкка чала турган малын
9 Жахабага арнап чалыш үчүн жолугушуу чатырынын кире беришине жетелеп келбесе, өлүм жазасына тартылсын.+
10 Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же араңарда жашаган бөтөн жерлик кандайдыр бир кан жесе*,+ мен ага каарданып, элдин арасынан жок кылам.
11 Тирүү жандыктарды тирүү кылган каны болгондуктан,+ күнөөдөн арылышыңар үчүн мен канды курмандык жайында+ колдонгонго бердим. Өмүр канда болгондуктан, адам күнөөдөн кан аркылуу арылат.+
12 Ошондуктан ысрайыл элине: “Эч кимиңер кан жебешиңер керек, араңарда жашаган бир да бөтөн жерлик+ кан жебеши керек”,— деп айткам.+
13 Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же араңарда жашаган бөтөн жерлик аңчылык кылып, этин жесе боло турган жапайы жаныбарды же канаттууну кармап алса, канын агызып,+ жерге көмүп койсун.
14 Анткени өмүр канда болгондуктан, ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны. Ошондуктан мен ысрайыл элине: “Эч кандай жандыктын канын жебегиле, анткени ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны. Ким аны жесе, өлүм жазасына тартылат”,— деп айткам.+
15 Жергиликтүү тургун болобу, бөтөн жерлик болобу, өлгөн же жырткыч жара тартып кеткен жаныбардын этин+ жеген киши кийимин жууп, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот,+ андан кийин таза болот.
16 Эгерде кийимин жуубаса, өзү да жуунбаса, күнөөсү үчүн жоопко тартылат“».+
Шилтемелер
^ Аларга сыйынгандар, сыягы, аларды текеге окшогон саксайган жандыктар катары элестетишчү.
^ Же: «сойкулардай болуп, алар менен ыпылас иш кылбасын». Бул алар менен каймана мааниде сойкулук кылбашы керектигин билдирген.
^ Тактап айтканда, бул жерде эмненин каны болбосун жана кандай түрдө болбосун, жебеш керектиги жөнүндө сөз жүрүп жатат.